Menu

24-март элдик революциябы же төңкөрүшпү?

Бөлүшүү:

Үсөн Касыбеков, журналист:

-Бир гана К.Бакиев мамлекеттик төңкөрүш деп жатат. Калгандарынан элдик революция дегенден башка бааны жолуктура элекмин. Бир гана айта турган кырдаал, революциянын элге пайда-батасы тийдиби? Кеп ошондо болуп жатпайбы. Революциянын түпкү максаты элдин турмушун жакшыртуу болуп саналат да, туурабы.

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:

-Революция деген бул партия же саясий кыймылдын негизинде уюштурулат, алардын программаларында революциялык төңкөрүшкө барганга жолду аныктайт, ошол аныктаманын негизинде элдин кызыкчылыгын чагылдырат, революциядан кийин кандай коом түзүлөт, кимдер бийликке келип, кандай социалдык шарттар болот ж.б. иш-чаралар каралат. Биздин эки революциябыз тең биз жактан революция деп аталганы менен, эл аралык илимий жана саясий коомчулукта төңкөрүш катары таанылат.

Жолдошек Бузурманкулов, милициянын полковниги

-Эми революция менен төңкөрүш экөөнүн бири орус, экинчиси кыргыз тилиндеги бир эле түшүнүк. Илгери улуу октябрь революциясын деле октябрь төңкөрүшү деп айтып да, жазып да жүргөнбүз. 24-март окуясынын кадырын түшүргүсү келгендер “төңкөрүш деп, көтөргүсү келгендер “револю­ция” деп жүрүшпөйбү “грамотный” болушуп. “Революцияны акылмандар ойлоп табышат, эр жүрөктөр жасайт, шылуундар пайдасын көрөт” – деп бечара еврей Карл Маркс айткандай, март төңкөрүшүнүн убайын “манты жеп отурган” көрбөдүбү.

Өмүрбек Абдрахманов, саясатчы:

-Бийликти шайлоосу жок тартып алуунун баары төңкөрүш. А эгер төңкөрүштөн кийин револю­циялык өзгөрүүлөр болсо, ал төңкөрүш революция деп аталып калат, биздеги эки төңкөрүш тең өзгөрүү алып келе алган жок. Ошон үчүн экөө тең төңкөрүш болгон…

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

-24-март чет өлкөнүн жардамы менен ишке ашкан төңкөрүш болгон. Бийлик өзү да терс кадамдарга барып, окуяны оң жолго салуунун ордуна кайра тездеткен жана татаалданткан.

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы:

– Албетте элдик революция болгон. Акаевдин үй-бүлөлүк, коррупциялык башкаруусуна каршы жалпы эл көтөрүлүп, бийликти тазалаган. Акаевдин кылмыштуу аракети азыркыга чейин өз баасын албай келет. Элден жашырып, жең ичинен жерлерди өткөрүп бергени, кен байлыктарды өлкөгө эмес, өзү менен өзгөгө иштеткени, өлкөнү бүлүндүрүп, талатып-тоноткону, талоончулардын, уурулардын жаңы муунун жаратканы, кыскасы кыргыз элине кыянаттык аракеттерине жалпы эл көтөрүлүп, Акаевди өлкөдөн куушту. Бирок “Алма сабагынан алыс түшпөйт” дегендей, Акаев менен табакташ, кызматташ болгондор революциянын жемишин уурдап алышты. Системалуу реформа жүргүзүп, таза коом, адилеттик башкаруу орнотконго эрки жеткен жок. Натыйжада элдин мүдөөсү толук аткарылбай, кайрадан көтөрүлдү.

-Курманбек Мамбетов, “Объектив” гезитинин башкы редактору:

-Революция, төңкөрүш маселелери боюнча адистердин ою кандай билбейм, мен бул маселени Улуу Октябрь революциясы деп аталып жүргөн 1917-жылдагы окуяларга салыштырып түшүндүрөөр элем. 100 жыл мурун өткөн революциядан кийин мамлекеттин башкаруу системасы өзгөрдү, монархия, жеке менчик деген жоюлду, бийликтен айрым адамдар эмес, бүтүндөй катмарлар (таптар деп койчу элек го) четтетилди, 2005-жылы бизде эмне болду? Болгону бир прези­дент кетти, экинчиси келди. Биринчи президенттин командасы дээрлик толугу менен саясаттагы, экономикадагы өз позицияларын сактап калды. Башкаруу система­сы өзгөртүлгөн жок, президенттин бийлиги ого бетер күчөдү. Бийликтин сот, парламент сыяктуу бутактарынын, өкмөттүн ыйгарым укуктары күчөтүлгөн жок, территориялык-административдик реформа жасалган жок. Ре­волюция деген сөз албетге, кооз угулат, мындай жыйынтык төңкөрүш дегенге караганда, айрым саясатчылардын кызыкчылыгына да туура келет, бирок кандай негиздерге таянып 24-марттагы президент алмашууну революция деп айтабыз?

Жалил Сапаров, журналист:

-2005-жылы 24-мартта чындап эле элдик революция болгон, себеби элдик нааразылыктар ар кайсы аймактардан башталып, ошол жактарда а дегенде эл­дик бийликтер орноп, анан га­на Бишкекке келген. Төңкөрүш болсо, дароо эле Ак үйдү ээлеп, бийликти бөлүштүрүп алуу бо­луп калат. Ошол март күндөрү бардык аймактарда эл көтөрүлүп, чыныгы өзгөрүүнү күткөн, бирок эл максатына жетпегени анык.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

– Мамлекетгик төңкөрүш болгон, ал БУУнун 2005-жылдагы отчётунда бекитилген.

Президент Алмазбек Атамбаев да өзүнүн Евразиялык бирикмесинин президенттери Бишкекте чогулганда тастыктаган. Аскар Акаев 2003-жылы Өмүрбек Текебаевди ишенген саясатчысы катары Конституцияны өзгөртүү үчүн оппозиция тараптын өкүлү катары кошуп, Конституцияга өзгөртүү киргизет. Ошондон соң Текебаевге “Эмгек сицирген юрист” деген наам берет. Оппозициянын талаптарын аткарат. Куловду бошотууга да жол ачып берет. 2005- жылы оппозиция крим дүйнөнүн өкүлдөрүн өздөрүнө тартып, батыштан келген каражаттардын негизинде төңкөрүш жасашкан. Революция эмес, накта төңкөрүш болгон.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: