Menu

Видео – Төрага Дастанбек Жумабеков Австриянын Федералдык Кеңешинин Президенти Инго Аппе менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Австрия Республикасынын Федералдык Кеңешинин Президенти Инго Аппе менен жолугушту.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков  бул расмий иш сапар кыргыз-австрия алакаларын арттырууга багытталган маселелер боюнча кеңири пикир алмашууга өбөлгө болорун жана байланыштардын жаңы барагын ачарын белгиледи.

Ошондой эле Төрага эки өлкөнүн парламенттеринин жетекчилери он жыл мурун жолугушканын эске салып, бул мезгил аралыгында Кыргызстанда, анын ичинен тышкы саясатта олуттуу өзгөрүүлөр болгонун кошумчалады. Муну менен катар 2010-жылы Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан алгачкылардан болуп парламенттик демократияны өнүктүрүүгө багыт алып, туруктуу жана демократиялуу өлкөнүн пайдубалын бекемдөө үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алганын маалымдады.

Андан бери Жогорку Кеңеш маанилүү саясий чечимдерди кабыл алуунун борбору, ачык саясий баарлашуунун аянты жана коомдун туруктуулугунун кепилдигине айланып жатканын белгилеген Дастанбек Жумабеков, кыргыз парламенти өзүнүн басып өткөн жолуна гана эмес, чет өлкөлөрдүн бул жааттагы эң мыкты тажрыйбаларына да таянарын билдирди. Буга кошумча Кыргызстан дээрлик эки жүз жылдай парламентаризмдин бай тажрыйбасын топтогон Австрия менен да кызматташууга кызыкдар экенин айтты.

“Мамлекеттер ортосундагы кызматташтык керексиз тоскоолдуктарды жоюуга багытталган мыйзамдык колдоону талап кылат. Ал өз кезегинде  эки тараптуу мамилелердин чегинде парламентаризм институтун өнүктүрүүгө байланышкан тажрыйба алмашууга жана бардык маселелер боюнча жигердүү кызматташууга өбөлгө болот”, – деди Төрага.

Мындан тышкары, эки тараптуу иш сапарлар жана түрдүү деңгээлдеги жолугушуулар, парламенттер аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар кыргыз-австрия алакасын арттырууга көмөкчү болорун кошумчалаган Дастанбек Жумабеков Кыргызстан соода-экономикалык кызматташтыкты да бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдирди. “Ага ылайык, Экономикалык байланыштар жана бизнес-форум боюнча кыргыз-австрия биргелешкен комиссиясынын 7-отурумун ушул жылы Венада өткөрүү демилгесин кубаттайм”, – деди.

Ошондой эле, өткөн жылдын май айында австриялык компаниялар Кыргызстанга келип, ишкердик кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн иликтешкендигин эске салган Төрага, аталган өлкөнүн айрым компаниялары Кыргызстанда ийгиликтүү иштеп жатканын маалымдады.

Жолугушуу алкагында Кыргызстандын инвестициялык саясаты ийкемдүү экенин айткан Дастанбек Жумабеков австриялык ишкерлерди кызматташууга чакырып өттү. Андан тышкары, Австрия парламентин дипломатиялык жана кызматтык паспортко ээ жарандарга визалык режимди либералдаштыруу маселесине көңүл бурууга чакырып, бул эки өлкөнүн байланыштарын бекемдөөдөгү маанилүү кадам болорун белгиледи.

Өз кезегинде Австрия Республикасынын Федералдык Кеңешинин Президенти Инго Аппе жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар эки тараптуу алакаларды арттырууга өбөлгө болорун кошумчалады.

Байланыштар бардык багыттагы кызматташтыктын алкагында өнүгүп жатканын айткан Инго Аппе парламентаризмди өнүктүрүү жаатында алакаларды арттыруу зарылчылыгына токтолду.

“Адам укугун сактоо чыныгы демократиянын негизги пайдубалы болуп эсептелет. Бирок, демократия менен парламентаризмдин өнүгүүсүн көрсөткөн башка да көрсөткүчтөр бар. Алардын айрымдарын эске алганыбызда Кыргызстан кээ бир Европа өлкөлөрүнөн алдыда”, – деди Инго Аппе.

Муну менен катар Федералдык Кеңештин Президенти Австрия Кыргызстан менен саясий байланыштарды гана өнүктүрбөстөн, соода-экономикалык кызматташтыкты да бекемдөөгө кызыкдар экендигин маалымдады.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: