Menu

Жалал-Абад ОИИБнын башчысы болуп милициянын подполковниги Мамасейитов Акылбек дайындалды

Бөлүшүү:

КРнын Ички иштер министри Улан Исраиловдун 16-февралдагы буйругунун негизинде Жалал-Абад ОИИБнын башчысы болуп милициянын подполковниги Мамасейитов Акылбек Садырбекович дайындалды.
Бүгүн, 17-февралда жаңы жетекчини Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамына КРнын ИИМнин орун басары милициянын генерал майору Курсан Асанов тааныштырды. Алар менен кошо  Өкмөттүн Жалал-Абаддагы облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Областык прокуратура, сот тармагынын  жетекчилиги катышып ийгиликтерди каалашты.
Мамасейитов Акылбек Садирбекович ИИОда 22 жылдан бери эмгектенип келүүдө.  Бул кызматка чейин КРнын ИИМдин Онунчу башкы башкармалыгынын мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү  жана коомдук бирикмелер менен байланыш башкармалыгынын башчысы болуп иштеп турган.
Өздүк курам менен тааныштыруу учурунда ИИМдин орун басары К.Асанов буга чейинки иштеп кеткен Жеңиш Жоробековдун бир топ иштерин баалап өтүү менен бирге  жаны жетекчи Акылбек Мамасейитовду жетишээрлик тажрыйбасы аркылуу жумушту алга жылдырат деп ишеним көрсөттү. Ошондой эле  алдыга койгон талаптарды, реформанын талаптарын аткарууну белгиледи.
Жыйындан соң ИИМдин орун басары Курсан Асанов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Жалал-Абаддагы алгачкы жолу ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн курулуп жаткан 100 батирлүү көп кабаттуу турак үйдүн курулушунан жакындан кабар алды.
Президент А.Атамбаевдин укук коргоо органдарынын шарттарын жакшыртуу демилгесинин негизинде курулуп жаткан көп кабаттуу батир 2016-жылдын ноябрь айында башталган. Мындай үйлөр буга чейин Ош, Баткен, Чүй, Бишкек, Ысык-Көл областарында курулуп пайдаланууга берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: