Menu

Түркмөн банктары WebMoney жана Yandex.Money аркылуу акча которууга чектөө киргизди

Бөлүшүү:

Ашхабадда банктар “PayPal”, “WebMoney”, “Yandex.Money” жана “Wire transfer” кызматтары аркылуу түркмөн манатын чет өлкөлүк валюталарга конвертациялоо боюнча жеке тараптардан арыз кабыл алууну токтотушту. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары билдиришти.

Өлкөнүн каржы мекемелери улуттук валютаны конвертациялоону көзөмөлдөө чараларынын кезектеги жолу катаалдашы боюнча комментарий берүүдөн баш тартышууда.

Августтун башында дагы Борбордук банк өлкөдөн чыкпаган, бирок эл аралык төлөм карталары, интернет кызматтар аркылуу акчаларын чет өлкөлөргө которгон жарандарды аныктоо чараларын көрүп жатканы кабарланган.

Маалыматтарга караганда, өлкө бийлиги аманатчылардын түркмөн банктарынын пластикалык караталарын пайдаланып, чет мамлекеттерде башка валютада өлкө ичиндеги эсептеринен каражаттарын накталай түрдө алып жаткандыгына тынчсызданууда.

2015-жылдын январынан бери Түркмөнстан Борбордук банкынын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары 3,5 манатка барабар болуп келсе, көмүскө базарда 1 АКШ доллары 7 манаттын айланасында сатылууда. Түркмөнстанда накталай акчаларды алмаштырууга 2016-жылдан бери тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: