Адамдын өмүрүн алган жол кырсыктары өлкөдө саат сайын өсүп жатканы өтө кейиштүү. Бийлик бул маселеге көңүл бөлмөк тургай, шайлоо менен алек. ИИМ министрлиги бул жаатта күчү жетпей калды көрүнөт. Көчөдө мас айдоочулар көбөйдү. Анын кесепетинен кырчындай өмүрлөр кыйылып, бейкүнөө адамдар ажал таап жатышат. 23-август күнү алты өлүм катталды. Бул деген согушсуз кырылуу, согушсуз кан төгүлүү. Талант Исаев МАИ кызматын башкарып, Мелис Турганбаев министр болуп турганда катуу тартип орногон эле. Аттиң, убагында ал кадрлардын баркына жетпептирбиз. Ал эми азыр бул жаатта иш кылайын деген ИИМде бирөө жок. Кыскасы кандан коркпойт экенсиңер…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ