Menu

Эрлан Алимбаев, Акыйкатчынын орун басары: “Кээ бир активисттер жолдо эмес, тротуарда кетип бараткан жерде кармалганы боюнча жетиштүү далилдер бар”

Бөлүшүү:

КР Акыйкатчынын орун басары Эрлан Алимбаев 18-мартта, Сөз эркиндиги жана саясый укуктар боюнча маршта айрым активисттерди милиция негизсиз кармаганы боюнча далилдер жетиштүү экенин “Азаттык” радиосуна билдирген.

– Кээ бир активисттер жолдо эмес, тротуарда кетип бараткан жерде кармалганы боюнча жетиштүү далилдер бар. Ал фактылар административдик жаза каралып жатканда сот тарабынан эске алынышы керек болчу. Эми апелляциялык доо каралганда соттун көңүлүн ушул жагдайларга буруш керек. Мыйзам боюнча сот адвокаттардын маалыматына маани бериши шарт. Жактоочулар болсо алардын мыйзамсыз кармалганын далилдейбиз деп жатышат.

18-мартта Бишкекте өткөн саясый укуктар жана сөз эркиндиги үчүн жүрүштө 5 активист камакка алынган. Аларды Свердлов райондук соту майда бейбаштык, милицияга баш ийбөө жана жолду мыйзамсыз бөгөө беренелери боюнча айыптап, беш суткага камоо чечимин чыгарган. Кармалгандар болсо чечим алардын адвокаттарын катыштырбай одоно мыйзам бузуу менен алынганын айтышкан.

Кармалгандардын арасында “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков, “Демократ” партиясынын мүчөсү Азамат Аттокуров, энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев, жарандык активисттер Айбек Мырза менен Мухит Мамытовдор бар. 18-мартта тынчтык жүрүшүндө кармалган беш активист убактылуу кармоочу жайда катаал шартта жаза өтөп жатканы белгилүү болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: