Menu

Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы муундагы биометрикалык паспорттун бланкаларын даярдоо жана жеткирип берүү боюнча сынактын жеңүүчүсү аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы муундагы биометрикалык паспорттун бланкаларын даярдоо жана жеткирип берүү боюнча сынактын жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде  Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сынак 26-февралда жарыяланган. Ал эми сынакка арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 2020-жылдын 19-мартына белгиленген.

Өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча Германиянын “Mühlbauer ID Services GmbH” компаниясы өз кызматтарын 655 миллион 645 миң 250 сомго сунуштап сынакты жеңип алган. Алар Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук паспортторунун бланкаларын жасай турган болду.

Экинчи орунга Казакстандын Улуттук банкынын банкнота фабрикасынын 799 миллион 989 миң 800 өлчөмүндөгү билдирүүсү ээ болду.

Сынак мамлекеттик сатып алуулардын сайтына жайгаштырылып, бир баскычтуу ыкма менен (эки пакеттик ыкма) өткөрүлгөн. Сынактын максаты – Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук (биометрикалык) паспортторунун бланктарын (жарандык, дипломатиялык жана кызматтык паспортторду) даярдоо жана жеткирүү болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: