Menu

Камчыбек Ташиев: “Чек арада элдер кордолуп, курал менен атышуу болуп жатса, жогорку бийликтен эч кимиси барбай коюшпадыбы”

Бөлүшүү:

— Камчыбек Кыдыршаевич, Баткен облусунда чек арадагы тажиктер менен чыккан чырды жеринен барып көрүп, эл менен сүйлөшүп келдиңиз. Элдин бийликке койгон негизги талабы кайсыл экен?

— Баткендеги чек арада жашап жаткан элдин негизги эки көйгөйүн көрдүм. Биринчи көйгөй, элдин унутта калгандыгы. Ал жерде социалдык инфраструктуранын жоктугу, жашоо шарттын өтө начардыгы, кыйындыгы. Ал жердегилерге бийлик тараптан көңүл бурулбай келгендиги. Экинчи көйгөй, элдин бийликке болгон ишеничи жоктугун көрдүм. Эл бүгүнкү Өкмөт, ошол жерде иштеп жаткан губернатор, жергиликтүү бийлик жөнүндө өтө жаман ачуу сөздөрдү айтып жатат. Ошол сөздөрүн президентке жеткизип койгула деп суранууда. Мен элдин айткан сөздөрүн бийликке жеткизүүгө аракет кылып жатам. Тилекке каршы, бийлик дагы деле аракет кылбай олтурат.

— Сиз барганда губернатор элдин арасында бекен? Өкмөттүн өкүлү эл менен аралашып жүргөнүн көрдүңүзбү?

— Мен расмий бийликтин адамы болбогондон кийин бийликтин адамдары менен жүргөн жокмун. Карапайым эл менен аралашып эле жүрдүм. Алгач Аксай айылына барып эл менен жолуктум, андан кийин Көкташ айылында жашоочулар менен жолугушуу болду. Губернаторду эл менен чогуу жүргөнүн көргөн жокмун. Губернатор, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, бир топ чиновниктер тажиктер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деген сөздү уктум.

— Тараган видео тасмада жергиликтүү эл “Разаков, губернатор экөө заставада элге чыкпай жашынып жатат” деп айтып жатат. Сиз дагы элдин ошентип айтканын уктуңузбу?

— Элдин ушул сөзүн өз кулагым менен угуп, карапайым калк бийликке өтө нааразы болуп жатканын көрүп келдим.

— Маалымат жыйын өткөзгөнүңүздө эки тарап кол койгон протоколду биздин бийлик ачык жарыя кылсын деген талапты койдуңуз. Сизде биздин жетекчилер келишимге кол койгондо өзүбүздүн кызыкчылыкты коргой алган жок деген шектенүүлөр болуп жатабы?

— Биз чек арадагы маселе кандай чечилгени тууралуу тажиктердин маалымат каражаттары чыгарган маалыматтары аркылуу гана маалымат алып жатабыз. Алардын тараткан маалыматы чын боло турган болсо, анда биз бул сүйлөшүүлөрдө сөзсүз түрдө утулган болобуз. Жеңиш Разаков алгачкы жолу маалымат бергенде “ Биз Аксай-Тамдык жолун курууга уруксат алдык” деп айтып жатат. Ушул айткан сөзү туура эмес. Биз Аксай-Тамдык жолун курууга эч кимден уруксат албашыбыз керек. Ал жер биздин аймак. Тажиктер өзүбүздүн аймакка жол салдырбай жатат. Кудай буйруса, ал жолду сөзсүз салабыз. Бул жерге тажиктердин эч кандай тийешеси жок. Тажиктер “Ворух-Исфара жолунун паралеллдүү жолун алдык. 2019-жылы асфальт төшөп бүтөбүз. Бул биздин жолубуз болот” деп айтып жатат. Бүгүн Жеңиш Разаков “Туура, ошол жерге жол салып жатабыз. Анын статусу жок. Ал жолду Ворухтун элин Исфара менен түз байланыштыруу үчүн жасадык” деп айтты. Биз Ворух эли үчүн Исфарага баруу үчүн дагы бир жолду ачып берүүнүн эч кандай кажети жок деп айтып жатабыз. Эски жол менен Аксай аркылуу өтүп жүрө берсин. Тажиктер биздики деп айтып жаткан жолду аларга бере турган болсок, ошондо өзүбүз чыныгы анклав болуп калабыз. Азыр ал жолду толугу менен тажиктерге бербей, пайдалануу үчүн гана берсек, бир нече жылдан кийин жолду алып коёт. Ошол үчүн биз дагы кол коюлган протоколду көрүшүбүз керек. Биз азырынча тажиктердин маалыматына таянып божомол кылып жатабыз. Биздин жетекчилер кол коюлган документти бүгүнкү күнгө чейин көрсөтпөй жатат. Документке кол коюлганына 4 күн болду. Алып чыгып көрсөтүшү керек болчу. Бул мамлекеттик жашыруун сыр же аскердик, чалгындоо сыр эмес да. Тескерисинче, “Мына кол коюлган документ окугула, маселе кандай чечилгенин билгиле!” деп элди ынандырыш керек эле. Бүгүн Жеңиш Разаков бирөөлөрдү чакырып алып “Протокол даяр эмес, биз аны азыр көрсөтө албайбыз” деп айтыптыр. Бул эмне деген акмактык?! Эмне, алар протоколго кол койбой келгенби? Кол койдук деп жарыялашпады беле?! Кол койдук деп жарыялаган протокол каякта? Эмне үчүн көрсөтпөй жашырып жатышат? Ушул нерсе аябай кыжаалат кылууда. Эгерде бүгүнкү бийлик мурункуларга окшоп протоколдорду жашырып, же болбосо туура эмес кол коюп алып, аны аткарууга мажбур болуп жерлерибизди алдыра турган болсо, анда бул бийликтен дагы ишеним толугу менен кетет. Эл, жер дегенде саясатты четке сүрүп коюп, ар бир метр жерибиз үчүн жаныбызды берүүгө даяр болушубуз керек. Биз тажиктерден көз каранды эмеспиз. Алар бизден көз каранды. Биз өзүбүздүн рычагдарыбызды, мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдалана албай, тажиктер чыр чыгарса эле коркуп, азыркы абалга келдик.

— Тажиктин маалымат каражаттары жаңы протоколду жарым-жартылай кылып чыгарып жатса, биздикилер жарыялагандан коркуп олтурушса, сизде Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбай калган деген ойлор жаралып жатабы?

— Документти көрсөтүшпөй бекитип жатышса, маселе кандай чечилгенин көрбөгөндөн кийин адамда ар кандай ойлор жаралат да. Менде биздин жетекчилер чындап эле тажиктерге көп нерсени уттуруп коюшкан, бүгүнкү чырды чечүү үчүн гана жерибизди тажиктерге берип койгон окшойт деген ойлор жаралууда. Ошол үчүн документти коомчулукка көрсөтүүдөн коркуп жатышат окшойт. Эл протоколду көрсөткүлө деп талап кылып чыгып жатканы да ошондон. Азыр эле Баткенден мага телефон чалышып “Эгер бийлик протоколду көрсөтпөсө, биз митингге чыгабыз. Бишкекке чейин барабыз” деп айтышты. Менин дагы саясатчы, элимдин мекенчил уулу катары протоколду толук көрмөйүнчө жаным тынбайт. Протоколду көргөндөн кийин баары туура болсо колдойбуз. Туура эмес боло турган болсо, анда ал документти жокко чыгарууга чейин аракетибизди кылабыз.

— Баткенге чыгып жатып “Бул бийлик мурункуларга окшоп эле бир дагы маселени чече албай калды” деген сөзүңүздү кайсыл негиз менен айттыңыз?

— Бүгүнкү бийлик, айрыкча Өкмөттүн туура эмес иштеп жатканын элдин баары көрүп жатат. Элден сурамжылоо жүргүзсөңүз 95 пайызы иштеген ишинин жыйынтыгы жок, элдин жашоо-турмушу өзгөрбөдү деп айтышат. Биз эл айткан чындыкты айтууга милдеттүүбүз. Эмне үчүн кимдир бирөөлөргө жагынуу максатында эл айткан сөздү унутуп, алардын көзүн боёшубуз керек? Элдин бийликке болгон ишеним убактысы түгөнүп баратат. Жаңы келген бийлик дароо эле олуттуу 2–3 маселени чечиши керек эле. Бүгүнкү күнгө чейин андай олуттуу бир дагы маселе чечиле элек. Бир гана маселе чечилди. Мурунку достор бири-бири менен чабышты. Бирок, бул тирештин залакасы элге тийип жатат.

— Эки достун чабышы менен көп коррупциялык иштердин бети ачылбадыбы? Кимдер мамлекетти кантип тоногону маалым болуп жатат. Коррупционерлер менен күрөштү колдойсузбу?

— Коррупционерлерди, элге зыян келтиргендерди, мамлекеттин мүлкүнө кол салгандарды сөзсүз камаш керек. Алардын орду түрмөдө, жазасы да оор болууга тийиш. Бирок, бул нерсе саясий куугунтукка айланбашы керек. Демек, бүгүн мамлекетте төрт эле коррупционер бар экен да? Эмне үчүн бул иш токтоп калды? Камалгандарды дагы соттун чечими чыга элек коррупционер деп атай албайбыз. Азыр коррупционер жок, баары жакшы, мамлекеттин бюджетине топтолгон акча элге жетип жатабы? Анда эмне үчүн элдин турмушу оңолуп кетпеди? Коррупция менен күрөш токтобош керек. Биздин коомубузда коррупционерлер менен жок эле дегенде 10 жыл активдүү күрөш жүргүзүү зарыл. Алты ай күрөшүп, жеңдик деп олтурган туура эмес.

— Сиз Өкмөт чыр чыкканда Баткенге барбай, абалды турукташтырууга батыл чара көрбөгөнүнө нааразы болуп жатасызбы?

— Чыр чыккандан кийин расмий бийликтен эч ким барбай туруп алышпадыбы. Чек арада элдер кордолуп, курал менен атышуу болуп жатса, жогорку бийлик жергиликтүү бийликке маселени таштап, эч кимиси барбай коюшпадыбы. Биз жөнөгөндөн кийин гана баарысы жөнөп калышты.

— Чырды мынчалык деңгээлге жеткизбей басып коюуга мүмкүнчүлүк бар беле?

— Ал үчүн ошол жерге эл сыйлаган, алардын сөзүн уккан кадыр-барктуу адамдар керек. Эл “Маселени ушул адам чечсин, сөзүн угалы, ишенели” деп бирөөгө ишеним артышы зарыл. Өкмөт жөнөткөн адам менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн эл кууп жүрсө, оозго алгыс сөздөр менен атап жатса кимге ишеним артылат?

— Облус башчылыгына эл арасында кадыр-баркка ээ эмес, партиянын же кимдир бирөөнүн кадры болгону үчүн гана барып калган адамдардын алсыздыгы да ушундай чырлардын жаралышына себеп болуудабы?

— Ачык эле айтыш керек, бүгүнкү күндө жергиликтүү бийликте гана эмес, жогорку бийликте эт менен челдин ортосундагы кадрлар олтурушат. Акты ак, караны кара деп так сүйлөй турган, элге жага турган иштерди аткарчу адамдар олтурган жок. Азыр Өкмөт мүчөлөрүн дагы күчтүү кыла турган мезгил болуп турат. Ар бир кадр кылган иши боюнча жоопкерчиликти өзүнө ала турган адам болуусу шарт. Бизде болсо министрлер баш болуп документке кол коюудан коркуп олтурушат. Себеби, ал өзүнө дагы, кол коё турган документке дагы ишенбейт.

— Баткенге барганыңыздан кийин сизди ошол облуска губернатор кылып жибериш керек деген сөздөр айтылды. Губернатор болуп барууга макул болот белеңиз?

— Баткенге бийлик издеп барганым жок. Мамлекетибиздин кайсыл бурчунда ушундай маселе жарала турган болсо, күчүмдүн, ден-соолугумдун барында жөн олтура албайм. Аксыда ушундай маселе болгондо ошол жерге дагы барып, эл менен чогуу болуп келгенбиз. Кудай анын бетин нары кылсын, эгер Нарында, Ысык-Көлдө дагы маселе жарала турган болсо, ошол жерге жетип барам. Себеби, Кыргызстандын ар бир жери менин, сенин, элибиздин жери.

— “Протоколду көргөзбөсө ар кандай кадамдарды жасоого барабыз” деп айттыңыз. Өтө эле саясатташып кеткен жокпу?

— Биз саясатташтырган жокпуз, бийлик өзү саясатташтырып жатат. Кол коюлдубу, жаманбы-жакшыбы протоколду элге көрсөтүшү керек эле. Коом кайсыл жери жаман, кайсыл жери жакшы экенин өздөрү талдап, чечим чыгарып алмак. Тажик бийлиги аз-аздан кылып маалыматты чыгарып жатат. Маалымат согушунан коңшулардан утулуп калганыбыз чындык.

— Ар кандай кадамга барганда кезексиз митинг же жөө жүрүш кыласыздарбы?

— Бизде сөзсүз эле митинг, ызы-чуу кылуу максат эмес. Ызы-чуу, митинг, бийликке каршы чыгып оодарып түшүү дегенди көрбөдүкпү. Биз андай нерсеге барбайбыз. Өкмөт жакшы иштесе, бийлик убакытты текке кетирбей элге жакшылык кылса экен деген максаттарды алдыга коюп айтып жатабыз. Чек арадагы маселе болбогондо бул сөздөрдү деле айтпайт болчубуз. Ворух-Исфара жаңы жолу курула турган болсо, бул элге чоң зыян экендигин, 5–6 жылдан кийин ошол жерге чоң мина көмгөндүгүн көрөбүз. Өтө чоң жаңжал чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан азыр токтотуп калышыбыз керек.

— Бул бийлик эч нерсе чечпей калды деп айтканыңызды көп саясатчылар Ташиев оппозициялык маанайга өтүү деген анализин жүргүзүп жатат. Чын эле позицияңызды өзгөртүп, оппозиция болуп чыга келдиңизби?

— Ачык эле айтайын, мен азыркы бийликке оппозиция эмесмин. Бирок, бийликтин туура эмес кылган иштерин ачык айтканга милдеттүүмүн. Эмне болсоң ошол бол деп унчукпай олтура албаймын. Айткандарымды туура кабыл алып, кулагына илсе алар үчүн жакшы болот.

— Шайлоо учурунда азыркы президентти колдоп жүрдүңүз. Кийин чогуу иштешүү боюнча сунуш түштүбү?

— Биз Сооронбай Шариповичти шайлоо учурунда эч кандай шарты жок колдогонбуз. Кайсыл бир кызмат үчүн чуркаган эмесмин. Элибиздин келечеги, ынтымагы үчүн ал кишини колдодук. Ошондуктан, мени менен бийлик адамдарынын ортосунда эч кандай кызмат боюнча сүйлөшүүлөр болгон жок. Ачуу сөздөрдү кызмат берсин деген ойдо айтканым жок, чек ара маселеси туура чечилсин, тийиштүү адамдар азыр чара көрсүн деген ой менен айтып жатам. Элибиздин ынтымагы, өлкөбүздөгү тынчтык баардык кызматтан жогору.

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: