Menu

Тазабек Икрамов, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Бизнесимди “каралардан” коргоп, бетме-бет карсылдашкан күндөр көп эле болгон”  

Бөлүшүү:

— Тазабек, орустардын “ты не смотри, что я худой и кашляю” деген кеби бар. Өткөндө улак тартышта өз көзүм менен сенин торпокту жерден эңип, ат жалына ашырып, андан ары топтон суурулуп чаап кеткениңди көрдүм…

— Бала кезде айылда кой кайтарып чыгып калганда, өзүм теңдүү балдар менен саманы нык салынган мүшөктү улак кылып ойнойт элек. Кой кайтарбаган күндөрү короодогу тайларды асырап, таптап, саяпкерликке кызыгып жүрдүм. Кийин борбордон дене тарбия институтун аяктадым. Грек-рим күрөшү боюнча республикалык мелдештерде ийгилик жаратып, КР спорт чебери наамына чейин жеттим. 2008-жылдары азыркы биз улак тартып аткан Манас айылында “бир киши улак берип атыптыр” дегенинен барып, балалык күндөрдү эске сала улакка түшүп, эки ирет торпокту ат жалына ашырдык. Унутпапмын. Мына ошондон бери убактым боло калганда эле улакка ашыгам.

— Грек-рим күрөшүн эмнеликтен таштап койдуң?

— Биздин маал эгемендиктин алгачкы жылдарына туш келди. Каатчылык, бирде ток, бирде курсагың ач. Алган стипендияң бир күнгө араң жетет. Курсагың тойбосо кайдагы спорт, кайдагы бийик көрсөткүч, кайдагы күрөш? Ошого карабастан республикалык масштабда далай ирет чемпион болгом. Албетте, олимпиада же  дүйнө чемпиону болбосом да, азыркы ийгилик жаратып жаткан балдарга “мен жетпеген бийиктикке силер жеткиле!” деп болгон жардамыбызды берип жатабыз.

— Күрөш боюнча устатың легендарлуу Тапанча (Ибрагим Узаков) болгонбу?

— Ооба, эми ал киши жөнүндө айта берсек сөз көп. Түштүк жергесинде мен палван дегендин баары ушу кишиден бата алдык, ушу кишинин колунан тарбия көрүп, палвандыктын сырларын билдик. Тапанча палвандан таалим алган балдардын бирөөсү да жаман болуп, начар чыккан жок.

— Парламентте кыргыз спортуна күйгөн депутаттардан саналуу эле. Анын бири сенсиң. Спортчуларды шыктандыра турган, машыктыруучуларга, ардагерлерге тиешелүү жакшы мыйзамдар жокко тете, ушу жагынан эмне деп айтаар элең?

— Депутат болуп келгенден бери сиз айткан орчундуу маселелердин үстүнөн иштеп, тиешелүү мыйзамдарды киргизгенге демилге көтөрүп чыгып атам. Алсак, жакында эле Кыргызстан боюнча жападан жалгыз олимпиада спортчуларын даярдаган мектептин оңдоп-түзөө иштерине жана тамак-аштарын жакшыртуу боюнча каражат бөлүүгө демилге көтөрүп чыктым. Туура айтасыз, машыктыруучулардын, мугалимдердин айлыктары өтө аз, мышык ыйлай турган абалда. Бул боюнча парламентте такай эле айтып келем.

— Анан бизде Азия, дүйнө мелдешин же олимпиада оюндарында мыкты көрсөткүчү менен келген спортчуга мурун үй, машина, олчойгон акчалай сыйлык берчү. Бу жагы азыр андай болбой аткансыйт?

— Ооба, тиешелүү сый-ургаалдар кылынчу. Кийин муну туура эмес жоюп ийишкен. Мен ушуларды кайрадан көтөрүп чыгып, өкмөткө сунуш киргиздим. Бизде бир жаман адат пайда болду, “демөөрчү акча берет, үй алып берет же федерация чечсин” деген. А федерациянын бирде акчасы болот, бирде акчасы болбойт. Бирөөгө үй берет, бирөөсүнө үй бербейт. “Кол ийрисине тартат” сыяктанып, кээде мыкты спортчуну басынтып коюп аткандай таасир калтырат. Ошондуктан, ким ийгиликке жетишсе, ошого үй, машина ж.б. сый-ургаалдар берилсин. Муну мамлекет гана мыйзамдын алкагында кыла алат. Бул ырааттуулук кийинки өсүп келаткан жаш муунга стимул болуп бермекчи. Мындай мыйзам ошо бийиктикти багынткан спортчуга эле эмес, аны таптаган машыктыруучуга да берилсин да. Анткени, экөө бирдей тер куюп, экөө бирдей эмгек кылып атат. Биз муну менен машыктыруучунун, устаттын да эмгегин баалап аткан болот элек.

— Тазабек мырза, эмнеге фамилияңды которуп алдың? Бу жанагы “каралар” менен карсылдашып…

— Байке, фамилиям тууралуу айтсам, ооба, мурун Стамкулов болчу. Чоң атамдын наамында элем. Азыр өз атамдыкындамын. Себеби жөпжөнөкөй, орустарды туурагым келбеди. Аларда “Иванов” деп кете берет эмеспи. Өздөрү деле билбейт канчанчы атасы экенин. Анан “каралар” тууралуу сурадыңыз, кайсы бир жылдары бизнес менен алек болуп жүргөндө чындап “каралар” менен бетме-бет келип, алар менин ишиме бут тосуп, а мен өзүмдүн маңдай акым менен тапкан адал оокатымды коргогон учурлар болгон. “Каралар” менен карсылдашып жүрсөм эле билбегендер мени адашып “черный” деп жүрүштү.

— Соңку суроом, улакта өзүңдөн оор торпокту кантип ат жалына ашырдың, мунун сыры барбы?

— Ооба, торпоктун салмагы салмагы 70-80 килограммдан кем болбойт. Бу жерде эч деле сыр жок. Чабандестин белинде, билегинде күчүнө караганда, эң ириде духу күчтүү болуш керек. Андан сырткары, мыкты чабандестин минген аты да мыкты болуу шарт. Улакка деген торпокту жөө-жалаң турганда ордунан козгоо кыйынга турат. Ал эми ат үстүнөн эңип ала турган болсом, кайдан-жайдан мага эки-үч эсе күч пайда болот. Же бу балбандардын касиети ушундабы, айта албайм…

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ     

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: