– Казынаны какшыткан же коррупцияга тиешеси бар бирок, токтоп калган кылмыш иштер жанданып, дыкат иликтенип, адилеттүүлүк үчүн кадам ташталат деп ишенсек болобу?
– Казынаны, элди какшаткандар айыл өкмөттөн баштап Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин отурушат. Акаев, Бакиев убагында болгон кылмыш иштер казылыш керек. Ошондой эле президент эгер адилепүүлүктү орнотом десе, коррупцонерлер менен чындап күрөшөм деген ниети бар болсо, “Кумтөр”, “Жерүй” сыяктуу ири кендер кантип кеткенин, ача пикир жараткан тендерлерди да эсинен чыгарбашы керек. Ошондой эле күч органдардагы, мамлекеттик мекеме уюмдардагы коррупциялык былык иштерди да эсинен чыгарбашы зарыл. Ал иштерге көп адамдар аралашып калса да, коррупционерлерди далилдеп жазасын бериши керек. 3 жыл иштеген сот же прокурор, финпол, бажы, салык, ИИМде иштегендер кантип үй салып, байып жатканын да эске алып, аларга да катуу чара көрүү абзел. Болбосо президенттин айтканы сөз боюнча калып, коррупционерлер коррупция менен күрөшө албайт.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ