Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113- беренесине ылайык 7-апрель – Элдик Апрель революциясынын күнү деп белгиленген. Бул күн Кыргыз Республикасында эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн, жумуш эмес майрам күнү болуп саналат. Бул тууралу КР Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Дем алыш күнүнө жана жумуш эмес майрам күнүнө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат, ал эми 7-апрель күнүн ишемби күнгө туш болгондуктан быйыл 9 апрель да дем алыш күн болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ