Menu

Экмат Байбакбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Итке калпак кийгизгенден кийин намыстанып кеттим”

Бөлүшүү:

–Экмат Журукбаевич, ак калпакты өзүңүз деле көп кийбейсиз. Бирок, калпак жөнүндө мыйзам сунуштап жатасыз го. Анча болду элечекти деле кошуп койбойсуздарбы?

–Ооба, калпак боюнча маселе көтөрүп жатканым чын. Итке калпак кийгизгенден кийин намыстанып кеттим. Калпакты улуттук атрибуттардын катарына киргизсек мындай иш-чараларда эл кийген баш кийим менен эч ким ойноп жаныбарларга кийгизип өздөрүн өздөрү билбей калат. Мен ушуну каалагам. Сиз айткандай элечекти деле кошуп койсо болот. Кыргыз аялдарынан башка мындай сонун баш кийимди эч ким кийбейт.

–Жол кырсыктары боюнча маселе көтөрүп жүрбөйсүзбү? Авиа билеттерди эле арзандатсак маселе чечилеби?

–Ооба, бул дүйнөлүк практикада бар да. Мисалы Турцияда бир райондон экинчи районго чакан учактар менен учушат. Бирок, жол кырсыктары азыраак болот бизге караганда. Учак жакшы нерсе, жеңил, тез кыйналбай жетип аласың. Биз болсо ушул турган Ошко жарандарыбызды коопсуз жеткире албайбыз. Таксилер төө ашууну ашып, он сааттап жол жүрүп барганча жүргүнчү да эзилет. Анан ар кандай кырсыктар да болот. Авиа билеттерди арзандатсак жарым саатта жетип алышат болду. Баардыгы тынч болот эле.

–Шаардын ичиндеги кырсыктар деле көп болуп жатат го…

–Аларды өкмөт ойлонсун, айдоочулук күбөлүктү сатпай. Анан шаар жүргүнчүлөрү дагы баардык эрежелерди сакташ керек. Жүрүп келе жаткан, эл өтпөй турган жерден чуркап чыгып атса кырсыктар катталат да. Кудай эле сактасын эми. Бирок мен өкмөткө ишенем, сөзсүз бир айласын табат.

 –Азыркы өкмөттү баары эле иштей албайт, кетсин деп жатышпайбы. Сизде андай ой жокпу?

–Жок, андай ой жок. Улам кетирип жаңысын алып келе берсек  иштин баары артка жыла берет. Ошондуктан бул өкмөт дагы иштесин. Мунусун алмаштырсак баары бир ордуна башкасы келет дегендей. Алар деле ушундай иштейт да. Убакыт берели, жарым жылда өкмөттү алмаштыра бербей…

Сезим Мураталиева

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: