Menu

Жамалбек Тургумбаев, доцент: “Инсульт болгондон кийин эки-үч күн, бир жума үйүнө жатып алгандар кездешет”

Бөлүшүү:

Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн башчысы, доцент, алтын колдуу дарыгер Жамалбек Тургунбаев инсульт дарты тууралуу ой бөлүштү.

  Жамалбек ага, инсульт дарты, дартка чалдыкандардын саны боюнча кандай пикир айта аласыз?

— Кескин түрдө пайда болгон инсульттун, жүрөк кан тамырлары ооруларынын көптүгү, ошондой эле бул дарттын айынан майып болуп калган адамдардын саны боюнча дүйнө жүзүнүн алкагында алып караганда алдыда турабыз. Бирок Орто Азия боюнча алып карасак, коңшулаш мамлекеттердин абалы деле биздикине окшош. Инсульт болгондон кийин адамдардын 80%ы жумуш ордун жоготот. Алардын жарымы 62 жашка чейинки жумушка жарактуу адамдар. Инсульт болгондордун саны жылдан жылга көбөйүп келсе, акыркы 10 жылдай убакыттан бери бир калыпта кармалып турат. Бирок азайган тенденциясы көрүнбөйт. Бизди кейиткени – эркектерге караганда аялдар көп инсульт болууда.

Мунун себеби эмнеде?

— Мунун көп себеби бар. Экономикалык абалыбыздын начардыгынан оорулар адистерге убагында барып дарыланышпайт. Дарыланганга мүмкүнчүлүктөрү жок. Кан басымын, кант диабетин, холестеринин өз убагында текшерүүдөн өткөрүп турушпайт. Азыркы учурда аялдардын көп инсульт болгонун себеби – күч жагынан дагы, акыл жагынан дагы алар түйшүктү эркектерге караганда көбүрөөк тартышууда. Үй-бүлөлүк чатактан, каражаттын жетишсиздигинен стресске кабылышат. Оор жумуш жасагандарынын, начар тамактангандарынын залалы тийүүдө. Инсульт болгондон кийин эки-үч күн, бир жума үйүнө жатып алгандар кездешет. Мындай учурда кайрадан мурдагы калыбына келүүсү кыйынга туруп калат. Ошондуктан дароо “тез жардам” чакыруу керек.

Инсульттун кандай түрлөрү бар?

— Инсульттун ишемикалык жана геморрагикалык деген эки түрү бар. Биринчи түрүндө мээге кан барбай, кан тамырлар бүтөлүп калат. Экинчисинде мээге кан куюлуп кетет. Эки түрүндө тең убагында дарыгерге кайрылган адамдын өмүрүн сактап калууга болот. Эгерде мээдеги чоң кан тамыр жарылса, аны сактап калуу мүмкүнчүлүгү азыраак. Инсульттун экинчи түрүндө адамдар өлүмгө көбүрөөк учурайт. Бул түрдөгүлөрдү ордунан жылдырбай кароо керек. Ал эми биринчи түргө кабылгандардын бир жак ыптасы кыймылдабай калат. Буларды дароо ооруканага жеткирүү керек. Инсультту дарылоо өтө оор. Экономикасы өнүккөн мамлекеттерде бул дарт жылдан жылга азайып келет. Алар сергек жашоо ыкмасын колдонушат.

Инсульттун симптомдору:

  • Кандай учурда болбосун күнүгө баш ооруйт;
  • Алсырап, мурдагы жумуштарын аткара албай калат;
  • Башы айланып, көзү караңгылайт;
  • Уйку качат;
  • Колу-буту чымырап жүрөт;
  • Кан басымы тез-тез көтөрүлүп турат;
  • Кант диабети менен ооруйт;
  • Көзүнүн көрүүсү, эске тутуусу начарлайт;
  • Бир жак тарабына караганда бир жак тарабы алсырап турат;

Бул дарттардын 80%ы инсультка барып такалат

Кантип алдын алса болот?

  • Өзүнө кароо, денени таза кармоо;
  • Витаминдүү, калорийлүү тамактарды ичүү;
  • Стрессти жеңил кабыл алуу;
  • Ооруп калганда дарыгерге өз убагында кайрылуу;
  • Жаман адатттарды таштап, уйкуну өз убагында уктоо. Тамекини, спирт ичимдигин таштоо;
  • Эмгек шартын жөндөп, 2-3 нөөмөттө иштөөгө болбойт. Канчалык көп иштесең, ошончолук эс алуу керек;
  • Аз убакыт болсо дагы дене тарбияга, чуркоого көңүл бөлүү керек. Эртең менен эрте болбосо дагы бир маал чуркап турса кант диабети, хондроз, артроз, склероз, семирүү азаят.

 Инсульт тууралуу

Инсульттун эң оор түрү – комага түшүү. Адам ооруну дагы сезбейт. Сөздү дагы укпайт. Жөн гана эч ким эмес. Комага түшкөндөн кийин эки жол бар: айыгуу же өлүм.

Инсульттан соң адамдар башкача болуп калат. Инсульт болгондордун 60%ы каардуу депрессиядан жабыр тартышат.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: