Menu

Мискенбаев козголгон кылмыш ишин саясый оюнга айландыруудабы?

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү Мээрбек Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбековго асылып, болушунча тилин агытып атат. “Мени камап көргүлө, көрөлү…” дегендей эрдемсинүү да бар. Кызыгы, Мээрбектин мындай “баатырлыгынын” маанисине саресеп салып көрсөк, ага кимдир бирөө акыл айткандай… “Таластыктарды бийлик куугунтуктап келет, мисалы, Өмүрбек Бабановго, Мээрбек өзүңө кылмыш иштерин козгоду, Болсунбек Казаковду, Бакыт Мураталиевди камады, Даир Кенекеевди кызматтан кууду ж.б.” дегендей кептер менен козутуп койгонбу? Мындай кычытма идеяга Мискенбаев ишенип алып, эл алдында “Жээнбековдордон коркпойм” деп төш кагып аткан кербезиби? Албетте, бул жагы саясый оюн, кимдир бирөөлөрдүн айдактамасы болуп жүрбөсүн? Эгерде сен майыптарга бөлүнгөн акчаны жеп алсаң, УКМК коррупциялык иш-аракеттер болгонун тастыктаса, анда кайда качып кутуласың? А балким Мээрбек таза болсо, “саясый куугунтук болуп атат” деп ошондо айтабыз. Андыктан, укук коргоо органдарынын дыкат иликтөөсүн көрөлү. Таза болсо акталат, болбосо жоопкерчиликке тартылат да, бул жерде регионалдык жиктештирүү маанисиз го?..

Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: “Азия Ньюс”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: