Menu

Видео – Рита Карасартова, укук коргоочу: “Митингге коррупцияны билбеген кишилер келиптир” дегендин өзү туура эмес”

Бөлүшүү:

Бүгүн Ак ұйдүн алдына коррупцияга каршы чыккан активисттерди колдоп чыккан укук коргоочу Рита Карасартова митинг тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, бийликке коюп жаткан жаштардын талаптары туура, алар туура жолдо баратат.  бүгүнкү өткөн иш-чара мыйзамдуу, Конституцияга ага жол берет. “Митингге коррупцияны билбегендер келиптир” деген сөздүн өзү туура эмес деп эсептейт.

Жаштар чыныгы реформаны талап кылып жатышат, биз дагы ошону бийликтен талап кылабыз. Кыргызстанга чыныгы реформа керек. Себеби, чыныгы реформа жок болгондуктан, бардык тармактарда коррупциянын тамыры жайылып баратат. Аны бийлик көрбөй жатат. Биз көрбөгөн нерсени көзгө сайып көрсөтүп, сын айтып турушубуз керек. Эгер биз сын айтпай, унчукпай отура берсек, анда алар биз туура кылып жатыппыз деп ойлоп, кемчилигин көрбөй калат. Ошондуктан сын айтуу бизге да, аларга да жакшы. Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабай, коррупцияга каршы реакциябызды билдирип коелу деп Ак үйдүн алдына чыккан жаштарды колдоп чыктык. “Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз!”,-деп уктап жаткан кыргыздарды ойготуп жатабыз”,-дейт Р.Карасартова.

Эске сала кетсек, бүгүн, эртең менен активист жарандар Ак ұйдұн алдына чогулуп, тынчтык митинг өткөрүп, талаптарын бийликке айтып, тынч тарап кетишкен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: