Menu

Депутат Жанар Акаев Апрель баатырларын “дүжүрлөр”, сабатсыздар, провокаторлордун куралы катары баалады

Бөлүшүү:

“Таласта Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго атайын даярдалган кишилердин чыр салганы, аны ошол эле күнү Таластагы мамлекеттик телеканалдардан жамандатканы өтө кейиштүү көрүнүш, ошол эле убакта абдан жаман өнөкөт. Мисалы, бүгүн Момбековго провокация кылса эртең дагы башка оппозиция өкүлдөрүнө мындан дагы жаман чагым болушу мүмкүн”, – деп билдирүү жасады 24-июнда депутат Жанар Акаев 23-июнда Таласта Апрель баатырлары жана КСДПчылар Анарбек Рыскулбековдун, Адылбек Көчөркуловдун жана Төлөгөн Наралиевдердин КСДПчы депутат Рыскелди Момбековду кескин, эмоционалдуу сынга алышканын атайын уюштурулган чагым катары баалап.

“Момбековго ызы-чуу салып, атайын аны видеого тартып чыгарышып, анан фейктер менен бир тараптуу жамандап киргени бул мындай өтө ыплас ыкма. Саясый күрөштө мындай жол менен күрөшүү жигитчиликке жатпай турган иш. Рыскелди Момбековго “дүжүр” кишилерди колдонгонуңар өзүңөр үчүн деле абийир алып келбейт. Таластык туугандар, мындай кара ниет адамдардын, өзүнүн күнүмдүк бийлигин гана ойлогондордун куралы болуп калбаңыздар. Ак менен караны ажырата билели. Сабатсыздар уюштурган чагымга алдырбайлы”, – деди Жанар Акаев.

Ошондо депутат Рыскелди Момбековду күйүп-бышып сынга алышкан Апрель баатырлары, КСДПчылар Анарбек Рыскулбеков, Адылбек Көчөркулов, Төлөгөн Наралиевдер депутат Жанар Акаевдин ою боюнча кара ниет адамдардын атайын уюштурган провокаторлору болуп калабы? Апрель баатырлары Жанар Акаевдин баасы боюнча сабатсыздар жана “дүжүр” болуп калыштыбы?

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: