Menu

Сириядан мекендештерди кайтаруу аракеттери жүрүүдө

Бөлүшүү:

Сирия – деген сөздү укканда эле көзгө согуш, качкындар, адашып барып, туткунда калган көзгө элестейт. Нече жылдардан бери бүтпөгөн согушка канчалаган кыргызстандык катышты дейсиз? Мына ошол Сирия менен Ирактын Курдистан аймагында согуш лагерлерине алданып барыппы же акчага азгырылыппы кармалып жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтарып келүү үчүн коомдук кыймыл түзүлдү.

Бул чоң жана жооптуу ишти аткаруу Кыргызстандын кайдыгер эмес демилгелүү жарандары тарабынан колго алынып, кооптуу аймактардагы эне-балдарды өлкөгө алып келүүгө жеке ресурстар менен каражаттар каралып жатканын маалымдашып, 1-августта жыйын курушту. Расмий маалыматтарга ылайык бүгүнкү күндө Сирия жана Ирактын Курдистанында 400дөн ашуун эне-бала согуш лагерлеринде баш калкалап, кооптуу абалда күн кечиришүүдө. Согуштун курмандыгына айланган бейкүнеө баллардын дээрлик көбү томолой жетимдер болсо, айрымдары адам чыдагыс шартта набыт болду. Кудай буйруп, бул демилге колго алынып, маселе жөнгө салынып чечилип калса, аларды өз мекенине кайтарып келип, моралдык колдоо көрсөтүү менен калыптандыруучу убактылуу борборлорду уюштурушмакчы.

Уюштуруу комитетинин мүчөсү Айзада Деркембаева кооптуу аймактардагы мекендештерди алып келүү жана алардын коомго аралашуусун уюштуруу боюнча иштиктүү пландар даярдалып жатканын билдирет.

-Аларды алып келүүгө өзүбүздүн так жана толук ресурстарыбыз бар. Шарттары дайындалып жатат. Буюрса, аман-эсенчиликте барып, эне-балдарды кыйынчылыксыз алып келип алсак, аларды кайрадан калыптандыруу борборлорун ачып, жардам берип, бардык муктаждыктарын тейлеп берүүгө даярданып жатабыз, – деди Айзада Деркембаева.

Мына ушундай демилге менен чыгып жаткан демилгелүү топтун мүчөлөрү тийиштүү мамлекеттик органдардын көмөктөшүүсүн күтөт. “Эгер өкмөт бул ишти колдоого алып, документтик жактан жардамын көрсөтө турган болсо, калган маселеде эч кандай тоскоолдуктар болбойт эле” деген кыймыл мүчөлөрү катуу даярдыкта. Өзүн мурда күч түзүмдөрүндө иштеп кеткен адам катары тааныштырган Кубанычбек Токтосунов “эл аралык иштерде тажрыйбам бар жана ал жактагы байланыштарым дагы күчтүү” деп ишендирүүдө.

– Учурба кеңешүү иштери жүрүп жатат. Мен ал жактагы адамбар менен сүйлөшүүлөрдү баштагам. Жуманын аягына чейин виза алсак, эки кишини ал жакка жөнөтөбүз. Алар биздикилердин ал жактагы ал-акыбалын көрүп, таанышып келишет. Андан кийин чек арадан өтүү, учактарды алып баруу кондуруу иштерин уюштурабыз. Бул үчүн мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барышыбыз керек. Биз азыр аларды чогуу иштөөгө чакыруудабыз, — деп билдирди Кубанычбек Токтосунов.

Эми аталган коомдук кыймыл юридикалык жактан уюшулуп, адилет министрлигинен каттоодон өтүү алдында турат. Андан кийин Ирактын Курдистан аймагындагы жарандарды мекенге кайтарууда биргеликте кызматташуу үчүн өкмөткө сунуш киргизгени жатышат.

Уран Байматов

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: