Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам долбоору конституциялык орган катары Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын ишин жөнгө салат жана 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу жаңы конституциялык ченемдерге ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу функциялары Судьялар кеңешинен алынып, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы сыяктуу жаңы органдын киргизилип жаткандыгына байланыштуу, анын статусу, уюмду түзүү тартиби, уюштуруучулук жана ишмердик маселелери өз алдынча мыйзам менен аныкталат, ушул мыйзам долбоору менен судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун негиздерин аныктоо сунушталды. Тактап айтканда:
-тартип бузган жорукту аныктоо такталды;
-судьяны тартип жоопкерчилигине тартууга түрткү болгон тартип бузган жоруктардын конкреттүү түрлөрү аныкталды;
-тартипке чакыруу жаза чарасынын түрлөрү кеңейтилип, аларга аныктамалар берилди жана аларды колдонуу мөөнөттөрү дифференциацияланды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ