Menu

Орок айылында атылган октун жана мушташтын келип чыгышынын чоо-жайы айтылды

Бөлүшүү:

Бүгүн эртең менен Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айылында чыр чыгып, ок атылып, бир адам жабыркаганы маалым болгону менен себеби айтылган эмес.

Себеби эми айтылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, 29-сентябрда Орок айылында болгон үйлөнүү-үлпөттөн кийин, жаштар Жал айылынан баргандар менен мушташа кетип, ок атылып, эки адам жабыркаган. Бүгүн, 30-сентябрда, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна ок тийген эки адам ооруканага жаткырылганы тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясына маалымат келип түшкөн. Жаңжалга катышкандардын бири белгисиз куралдан ок чыгарганы маалым болгону менен ал кайсы куралдан атылганы азырынча так аныктала элек. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү жүргүзүлө баштаган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 7-июлунда эртең мененки орозо айттан кийин жаш балдар мушташып, жаңжал чыккан. Жаш балдардын мушташы күчөп, жүздөгөн кишилер көчөгө чыккан. Натыйжада, 15 үйдүн терезелери талкаланып, бир саманкана өрттөлгөн. Ал окуяга ИИМ министри Кашкар Жунушалиев баштаган бир нече автобустар менен милициялар барган. Ал жерден 25-30 киши Сокулуктун милиция бөлүмүнө жеткирилген. Окуя болгон жерде, андагы Чүй облусунун башчысы Туйгунаалы Абдраимов журналист кыздын олуттуу суроосуна орой жооп берип, журналисттердин каарына калып, кызматтан кеткен.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: