Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-июнда өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда мамлекет башчысы соңку кезде өткөн тышкы саясый иш чаралардын, анын ичинде Жогорку Евразиялык экономикалы кеңештин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашуулар менен келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралу маалыматты укту.
Эрлан Абдылдаев жакынкы мезгилге мелженген тышкы саясый иш чараларга даярдык иштери тууралу айтып берди. Атамбаев Тышкы иштер министрлигине өлкөнүн улуттук жана экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу жетишилген келишимдерди өз маалында аткарууну тапшырды. Андан тышкары алдыдагы ири иш чараларга сапаттуу даярдык көрүү жана өлкөнүн тышкы саясый ишмердигинин негизги багыттары боюнча ишти жандандаруу жагынан мекемеге бир катар тапшырмаларды берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ