Menu

Гуламжан Анарбаев: Сапардын өкмөтү мыйзамды уруп ойногон жок

Бөлүшүү:

-Гүламжан мырза жакынкы арада бир топ кадрдык алмашуулар болуп кетти. Сиздин кызматтан кетишиңизди коомчулук саясий чечим деп түшүнүүдө. Кызматтан кетүүңүзгө эмне себеп болгонун айтып өтсөңүз?

-Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу материалдык резервдер фондунун төрагасы катары 1 жыл 4 ай иштедим. Кыска убакыттын ичинде жакшы жетишкендиктерге жетиштик десем болот. Бирок, 2-апрель күнү өкмөттүк аппараттан мени жумуштан алаары белгилүү болду. Кандай себеп менен деп сураганымда «саясий чечим» болгонун айтышты. Мага кандай саясий чечим болушу мүмкүн? Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу материалдык резервдер фондунун дебитордук карызы 1 миллиард сомду түзгөн. Өкмөт мага 50 миллион сом дебитордук карызды азайтуу пла-нын койгон. Бир жылдын ичинде 67 миллион сомго кыскартып, мамлекет-тин казынасына 17 миллион сом пайда алып келдик. Өкмөт койгон тапшырма-лардын баарын аткардык деп айта алам. Президентибиз Сооронбай Шарипович «2018-жыл региондорду өнүктүрүү жы-лы» деп жарыялады. Дегеним, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында союз убагынан калган, 15 жылдан бери иштебей турган мелкомбинатыбыз
бар. Ошол жерге 14 штат бөлүп, 100 миң тонна буудай сактоочу кампаны ишке киргиздик. Жылына 20 миллионго жа-кын сумманы буудай сактоо үчүн берип келеек, учурда 8 миллион сомго үнөмдүү колдонууга жетиштик. Анан мага кандай саясий чечим болгонун түшүнө албай турам. Мисалы, экс-премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө Жогорку Кеңеш ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул саясий чечим болушу мүмкүн.

-Татыктуу кадр жетишсиздигинен кадрдык ачкачылык болууда. Жогоруда далилдүү цифралар менен айтып, жакшы жетишкендиктерге жеткениңизди айтып өттүңүз. Бирок жаңылыктардан сизди өз ыктыяры менен кызматтан кетти деп окугам. Демек, өкмөт өзү каалагандай чечип, өздөрү билгендей чечим кабыл ала беришеби?

Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун чабалдыгын айтып коюшум керек. Мен жумушка келгени иштеп жаткан ишканы презинтациялап, чечилбеген маселелер, көйгөйлөрдү айтып, өкмөт тарабынан кандай жардам керектигин айтып, сунуш пикирлерди айта албай койдум. Себеби мени кабыл алган жок, биздин аракетибиз кызыгуу туудурган жок. Коп катачылыктар кетти. Жөнөкөй эле маселени айтайын, жазгы талаа иштери боюнча маселе каралып, чогулуш өткөрүлгөн. Кечинде келип телевизор көрүп олтурсам Сапар Исаков коп жана башка тапшырмаларды бергендигин айтылып жатты. Бул жыйынга катышкан инсан катары жалган маалымат берип жатканына ынанып, терс баамды бердим. Бул жигиттин мекенчил эместигин баамдадым. Кесипкой, тажрыйбалуу, так жана таза иштеген жетекчилерди окмот баалай билиш керек. Тилеке каршы, бизде андай болбой калды.

-Сизди президент Сооронбай Шарипович менен туугандык жана анын кудасы Алиярбек Абжалиев менен жакындыгы бар. Бийлик-ке ошолордун арты менен келген деген сөздөр тарады. Буга сиздин
оюңуз?

-7-апрель жана Ош окуясында Ош шаарында туруктуулукту орнотууга оз ыктыярым менен барып, жаңы келген Ош облусунун башчысына жардам берип жүргөнбүз. Ал кезде Сооронбай Жээнбеков губернатор болчу. Сооронбай жана иниси Асылбек Шариповичтер менен туугандыгыбыз жок. Санжырага салып Караганда уруубуз да туура келбейт. Мен кызматка «Кыргызстан» партиясынын квотасы менен келгем. Парламенттик жана президенттик шайлоодо Сооронбай Шариповичтин жанында жүрдүм, колдодум. Ал эми Алиярбек Абжалиев менин айылдашым, аны менен сыймыктанам. Бир айылда чоңойгонубуз менен туугандык байланыш жок. Алиярбек мырза депутат катары оз ишин аткарып жатат. Сооронбай Жээнбековго чейин бийлик кантип алмашканын, туугандык клан менен иштесе кандай болоорун жакшы билет. Сооронбай Шарипович андайга барышы обсуртный нерсе деп ойлойм.

-Бүгүнкү күндө сиздин укугуңузду тебелеп, саясий чечим деп кызматтан алды. Сиз иштеген учурда сиздин кызматчыларыңыздын ичинен коррупция менен туура эмес кадамдарга барган кадрларды байкай алдыңызбы?

-Мен иштеп жаткан мезгилде укук коргоо кызматындагы иштеген таж-рыйбамды колдонуп ревизия кылып чыктым. Ошонун натыйжасында Талас облусунун буудай кампасынан 100 тонна буудай жетишпестигин таап, материалдарды чогултуп финансы полициясына өткөрүп бердик. Азыркы учурда финполиция тарабынан иштер жүрүп жатат. Коомчулукка кеңири тарап кеткен курттаган ун жөнүндөгү маселени кыска мөөнөттүн ичинде оң жагына чечтик.

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: