Menu

“Лигласс” ишканасын Кыргызстанга чех президенти сунуштаган

Бөлүшүү:

Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди курмай болгон “Лигласс Трейдинг” ишканасын Кыргызстанга чех президенти сунуштаган. Бул тууралуу Чехиянын мамлекет башчысы Милош Земан 24-июлда чех радиосуна курган маегинде айтты.

Земан “Лиглас” трейдинг компаниясын Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге эксподогу жолгушууда сунуш кылган. Милош Земандын сөзү боюнча, ар бир андай жолугушууда чех фирмаларын сүрөөнгө алат. Айтымында, Өнөр жай жана соода министрлиги ал фирмалар ишенимдүү экенин маалымдаса, сүрөөнгө алат. Земан фирма тууралуу кенен билбесин да кошумчалады.

Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерде утуп алган.

Курулуш тууралуу келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты “Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат” деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.

​Өткөн аптада аталган компания ээси Михаэл Смелик “Азаттыкка” берген маегинде чех прессасындагы маалыматтарды четке кагып, өзү жетектеген ишкана белгисиз эместигин, калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында иштөөдө 12 жылдык тажрыйбасы бар экенин маалымдаган.​

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: