КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары 2016-жылдын 14-сентябрында саат 12:30да чөгүп кеткен адамдын сөөгүн суудан чыгарышып, туугандары тарабынан өздүгү аныкталып, өткөрүп беришти.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 18-июлунда Ала-Арча капчыгайындагы сууга 1981-жылы туулган Алай районунун тургуну А.З.С (эркек киши). агып кеткен. Бул маалымат тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ