КР Коопсуздук Кеңешинин мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы аракеттенүүгө жана демонстрациялоого багытталган чечимдерин ишке ашыруунун алкагында, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматы «Кыргыз темир жолу» ишканасында мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузган коррупциялык схема аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-июнда билдирди.
Алардын айтымы боюнча, мамлекеттик ишкананын жооптуу кызматкерлери өздөрү көзөмөлдөгөн чарба субъектилери менен бирге жогорку баада мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун туруктуу схемасын түзүп, алар келишимдин суммасынан 15% өлчөмүндөгү каражатты ишкананын мурунку жетекчилигине кайтарып берип турушкан.
Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында дайындалган соттук экспертизанын жана Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыгы боюнча, мамлекетке олуттуу материалдык чыгым келтирилгени аныкталды.
Учурда КРнын Кылмыш кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 4 адам кармалган, алардын арасында “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынын учурдагы жана мурунку жооптуу адамдары жана камсыз кылуучу компаниянын бир өкүлү бар.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ