Menu

Москвада мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды

Бөлүшүү:

Москвада бирдиктүү жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жакында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын аныкташты.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 2000-жылы туулган М.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 234-беренесинин 2-бөлүмүнө (топтошуп жасалган бейбаштык) айыпталып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөндүгү үчүн издөөгө алынган.
Ал мыйзамсыз иш-аракетти 2017-жылы августта өзүнүн достору менен биргеликте бейбаштык кылышып, коомдук тартипти жана коомдо жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин одоно бузушуп, Кызыл-кыя шаарынын коомдук жайларынын биринен өзүнүн курдашынын денесине жаракаттарды келтирген. Андан соң, 2 жыл бою Россия Федерациясынын Москва шаарында жашырынып жүргөн.

Издөөгө алган тарап маалымдалып, азыркы учурда М.А. аттуу жаранды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү маселелер чечилип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: