Акыркы жылдары Кыргызстандан сыртка чыккан каражаттын көлөмү өстү. Акчанын сыртка агылышы боюнча жыл башынан берки рекорд коюлду. Ушул жылдын эки ай ичинде эле сыртка 74,8 миллион доллар которулду. Мындай жаңылык Улуттук банктын ачык маалыматтарында айтылат. Бул 2005-жылдан берки рекорддук көрсөткүч. Улуттук банктын сайтында дал ушул жылдан берки маалыматтар көрсөтүлгөн. Экинчи орунда 2018-жыл турат. Былтыр чет өлкөлөргө 2 айда 66 миллион доллар чыгарылган. Бир жыл ичинде жарым миллиард доллардын тегерегинде каражат сыртка чыккан.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ