Menu

Каныбек Иманалиев: «Тажикстандагы кыргызча айылдар менен жер аттары тажиктештириле баштады. Буга көз жумуп коюуга болбойт»

Бөлүшүү:

“Илгертен тажикстанда жашаган кыргыздар жер титирөөдөн кыйналып турат. Турак жайларынын баары жараксыз болуп калды. Биз өзүбүз дагы кыйналып турганыбызга карабастан, аларга боордош катары жардам беришибиз керек. Жок дегенде, курулуш материалдарын алып берсек, бир топ кем-карчы чечилип калмак. Чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча мыйзамыбыз да бар. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди” -деп маалымдады КР ЖК Басма сөз кызматы.

«Ошону менен бирге, акыркы мезгилде Тажикстандагы кыргызча айылдар менен жер аттары тажиктештириле баштады. Алар байыртан бери келаткан аталыштар. Буга көз жумуп коюуга болбойт. Биздин тажик элчилиги менен бул маселе жаатында пикир алышсак деген ниетибиз бар. Өкмөт дагы өз тармагы боюнча иштиктүү чараларды көрүшү зарыл», – дейт депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: