Menu

Жегиле, жегиле, жегиле!

Бөлүшүү:

Борборубузда жүргүнчүлөрдү тейлеген эки чоң автобекет бар. Батыш автобекети жана Чыгыш автобекети. Кечээ Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында эл өкүлү Бактыбек Райымкулов Мүлк фондунун жетекчисинен Чыгыш автобекети жылына канча каражат мамлекеттин казынасына салаарына кызыкты. Чыгыш автобекети жылына 35 миң сом пайда алып келет экен.

Бул тууралуу Болсунбек Казаков билдирди. Тегереги соода павильондоруна толгон, ичинде жүргүнчү ташуучу маршруттук такси тизилип турган бекеттен кантип эле 35 миң сом казынага төксүн. Кичине кудайды карасаңар боло? Жейт десе эле беш колду бир салып баарын эле капчыкка урбастан, казынанын да камын ойлоп койбойсуңарбы? Бекеттерди көзөмөлдөгөн Транспорт жана коммуникация министрлиги каякты карап олтурат? Же жолдорду оңдобосо, же кол алдындагы ишканаларды көзөмөлдобөсө министр эмне менен алек?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: