7-июнь күнү эртең мененки саат жетилер чамасында, Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүндөгү “Жылдызча” деген аталыштагы бала бакчада ашпозчу болуп иштеген 63 жаштагы аялды “Ниссан” үлгүсүндөгү машине айдаган 16 жаштагы бала машинесин катуу ылдамдыкта алкынтып айдап келип уруп кеткен. Машинеге урунган аял учуп барып артта келе жаткан “Тойота Авенсис” үлгүсүндөгү машиненин алдыңкы терезесине урунган. Кырсык болгон жерге тез жардам машинеси, ак халатчандар келгенче аял көз жумган. Машиненин айдоочусу 16 жаштагы бала мас экени аныкталган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ