Menu

Айбек Калиев документтерди бурмалап бүткөнчө карап отура бересиңерби?

Бөлүшүү:

“Энерго холдингдин» башчысы Айбек Калиевдин таза уяты жок тура. Көз боёмочулук кылдырып циркке иштетип же Ош базарында төлгө салдырып койсо жарашмак экен. Мына баасы 600 долларлык аттиш боюнча төө кыядан өткөн соң, дээрлик бир айга жакын убакыттан кийин «Чындыгында ал жерде 18 түрлүү жабдуу салынган чемодан болгон. Андан сырткары вулканикалык 20 метрдин тегерегинде эки чоң резина болгон. “Адистер да бул резиналар бүгүнкү күндө базарда да сатылбайт, бул атайын жасалган, жамап, үзүлгөндө тигиле турган резина” деп айтып жатышат», – деп оозду ачырды.

Ачылган оозубузду жаап үлгүрө электе, ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу: «Булар кайра документтерге өзгөртүү киргизип, жаңы документти түзүп чыгышты, чемодан менен келген жабдуулар 105 доллардан өзүнчө акчага келген», – деп Калиевдин калпын чыгарды. Минтип көз ирмебей калпты ышкырткан Калиев эркиндикте жүрсө дагы канча документ бурмалайт? Ошондуктан тез арада камап, тергөө иштерин жүргүзүш керек, эркелетпей…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: