Menu

Бурул Раймалиева, ырчы: “Ыр менин тулку боюма сиңип, келбетиме жарашып турушу керек”

Бөлүшүү:

Акжолтой жарчы деп эл арасында аты аталып, тынымсыз тойлорго чакырылып жүргөн ырчылардын арасында Бурул Раймалиева да бар. Бурул айымды той ээлери ырымдап, келинибиз сендей болсун деп жар-жар айтууга көп чакыраарын ырчы ар дайым айтып келет. Өзгөчө үнү, бөтөнчө ажары менен айырмаланган талант ээси менен маек курдук.

– Тойго дайыма жар-жар айтууга, кыз узатууга барып каласыз. Кызыктуу учурлар көп эле болсо керек?

– Кыз узатуу, баланы бешикке бөлөө, балдардын тушоосун кесүү сыяктуу көп тойлорго чакырылып жүрөм. Негизинен тойго биринчи эле барып ырдап кетип калабыз да. Тойлорду макул болуп алып алгандан кийин кандайдыр бир себептер чыгып тойго бара албай калам. Үй-бүлөлүү адам болгондуктан кээде кайын журттун, кээде төркүндөрүмдүн иши чыгып же бир зарыл концерттерге катышуу керек болуп калып, тойлорумду эжелериме бергенге туура келип калат. Той ээлери үчөөбүздү үкү топу кийсек окшоштура беришет. Кээде Бурул Раймалиева деп Гүлнара эжем барып келген учурлар көп болуп калат.

– Ыр тандоодон кыйналбайсызбы? Өзгөчө заманбап ырларга берээр бааңыз?

– Азыр чынында акын көп, обончу андан да көп. Айрымдарын уга келсең бир ырдап, кайра ырдабай калчудай ырлар да бар. Ыр тандаганда маанисине өзгөчө көңүл бурам. Ыр менин тулку боюма сиңип, келбетиме жарашып турушу керек деп эсептейм. Кээде тойго ылайыктуу ыр экен деп, ырчыга жарашпай жатса деле ырдай беришет. Мен андай тобокелчиликке бара албайм.

– Кыздуу болууну кааласаңыз керек, эки уулуңуз бар экенин билебиз…

– Ооба, кыз бала энеге күйүмдүү болот эмеспи. Бирок мен ушул күнгө чейин кызым жок деп кайгырып көргөн эмесмин. Атасы деле кыздуу болгон жокпуз деп мага капа болгон эмес. Уулдарым Кудайга шүгүр тартиптүү. Кээ бир кыздарга караганда аябай жакшы жумуш кылышат. Эрте туруп окууларына кетишет. Окуудан келип мен дайындап кеткен иштерди кылышат. Кыскасы оорумду колдон алып, иштен чарчап келсем чайымды даярдап турушат. Кээ бир кыздарды көрүп жүрөм. Кыздар кылчу иштерди да кылбай эркелеп, энесинин түйшүгүн көбөйтүп жүргөндөр бар. Ошондойлорду көргөндө жакамды кармап, уулдарым менен сыймыктанып калам. Ар дайым элчилеп көп бир тууган эмессиңер, бири-бириңерге жөлөк болгула деп айтам. Кудайыма тобо, кийимдерин өздөрү жууп, өздөрү үтүктөп, үй жумуштарынын баарын жасап абдан тың болуп өсүп келе жатышат. Уулдун артынан кыздуу болгум келет албетте. Кызымдын чачын өрүп, көйнөк кийгизгенди кыялданам. Бирок жолдошум менен балдарым жалаң эркек, жалгыз кыз деп мени аябай эркелетишет. Ошолордун колдоосу менен чыгармачылыгымды өркүндөтүп, байма-бай клиптерди тарттырып, кызуу иштеп келе жатам.

– Атактуу кыздардын сиңдиси болуу да жоопкерчилик болсо керек?

– Албетте чоң жоопкерчилик. Эжелерим ар дайым колдоосунан жазбайт. Ушундай кыздардын сиңдиси экениме Кудайга миң мертебе ыраазымын. Кандай гана ыр жазбайын, кандай гана көйнөк тиктирбейин биринчи сынчым эжелерим болот.

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: