Menu

Аскар Сыдыков, Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору: Журналисттер ишкерлердин терс жактарын көп жайылтышат

Бөлүшүү:

Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору бул тармакта беш жылдан бери эмгектенип келет. Жаш кадр Борбор Азиядагы Америка университетин аяктап, андан соң Англиянын Кембридж университетинде магистратурада билимин улантып келген.

-Аскар мырза, жакынкы эле күндөрү башпрокурор ишкерлер өкүлдөрү менен жолугушуп, бир топ курч көйгөйлөр, ишкерлер укуктары тууралуу маселелер козголуптур…

– Акыркы жылдары башпрокурор менен бизнес коомчулугунун өкүлдөрү мындай жолугушуу өткөргөнү эсибизде жок. Ошон үчүн биз бул жолугушууну жылуу кабыл алдык. Башпрокурор дагы «чогуу иштешели» деген каалоосун билдирди. «Жок дегенде үч айда бир жолугуп туралы» деген демилгени биз дагы көтөрдүк. «Ишкерликтеги эң көйгөйлүү маселелерди талкуулап, пикир алышалы» деген сөз болду. Башкы прокуратураны биз бейтарап, башка күч органдарга караганда көз карандысыз, президенттен башка эч кимге баш ийбеген орган катары кабыл алабыз. Жогорку профессионалдуу орган дейбиз. Ошондуктан башпрокуратура ишкерлерге жардам берет деген үмүт чоң. Биздин ишкерлерге, ассоциацияларга кирген ишкерлерге эң башкысы мыйзамдын үстөмдүүлүгү керек. Алар болгону эле мыйзам чегинде иштеп жатышат. Бирок, мыйзам баарына бирдей колдонулушу керек. Анткени бирөөгө колдонулуп, башкага колдонулбаса, ишкерликте ыңгайсыз абал жаралат. Ошондо атаандаштыкка туруштук бере албаган алсыз ишкерлер так мыйзамды сактагандар болуп калат. Анткени башкалар өз маселелерин башкача жол менен чечсе, анда биздин мыйзамды сактаган ишкерлер атаандаштыкка туруштук бере албайт. Ошон үчүн буларга колдон келишинче жардам берели деп башпрокуратурага сунуштарды жолдогонбуз. Эми башкы прокуратура башка күч органдарга караганда коомчулук менен ачыгыраак иштеген орган болушу керек деген ойду билдирдик. Башка укук коргоо органдарынан маалымат сурасаң, маалымат чектелүү деп азыраак берилет. Ошондуктан ушул сыяктуу жагдайларда башпрокуратура өз комментарийин берип, өз позициясын билдирсе деген сунуштар бар.

– Ишкерлердин эң негизги көйгөйлөрүн белгилей кетсең?

– Биздин оюбузча мыйзамдын үстөмдүүлүгү, анын ичинде сот системасы. Ишкерлер «сот системасы адилеттүү болсо эле башка эч нерсе кереги жок» деп жатышат. Ошон үчүн сот системасындагы тараптардын бири бул башкы прокуратура. Анткени мамлекеттик айыптоону, соттук иштерди прокуратура аткарат. Ал сот системасынын адилеттүү иштөөсүнө көмөк көрсөтүүсү керек. Ошон үчүн башпрокуратурага өзүбүздүн сот системасы боюнча сунуштарыбызды киргиздик.

Мамлекеттик сот аткаруучулардын дагы айлык маянасы төмөн экен. Өздөрүнүн дагы саны азыраак, ошон үчүн чечимдерди аткарганга да көп убакыт кетет. Убагында жеке нотариустар пайда болгондон кийин мамлекеттик нотариустарга караганда кызматтар жакшыраак аткарьшып калган. Ошондой эле жеке сот аткаруучу институту да ачылса деген сунушубуз бар. Бирок, албетте, ал боюнча мыйзамдар башпрокуратуранын карамагында эмес. Аны биз Жогорку Кеңешке, президенттик аппаратка жөнөтөбүз. Балким алар демилге кьшып, тийиштүүчараларды көрөт деп турабыз.

– Ошол эле прокуратура, укук коргоочулар тарабынан кысмалоолор кездешпейби?

– Прокуратура тарабынан биз так билбейт экенбиз. Бизге көбүнчө ишкерлерден каржы полициясы, башка укук коргоо органдары боюнча дооматтар келет. Прокуратура боюнча көп деле арыздар келбейт. Прокуратура өз ыйгарым укуктарынын чегинде ушуларды көзөмөлдөшү керек. Мисалы, укук коргоо органдары кээде «ушундай ишкерлер айыпталды», «бюджетке мынча акча төлөштү» деп айтышат. Анан сотто ал иш далилденбей калса, ал ишкер акталса, аны эч ким айтпайт. Көпчүлүк убакта терс жактарын гана айтышат. Ошон үчүн башкы прокуратурага да айтып койдук, коомчулук менен, массалык маалымат каражаттары менен көбүрөөк иштешүү зарыл. Коомчулукта терс билдирүүлөр коп болгондо, ишкерликтин терс имиджи жаралат. Ушуну дагы эске алсак. Терс маалыматтар көп болсо, инвесторлорду тартуу да оор болот. Аларды эл жакшы кабыл алышы керек.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: