Menu

Талант Конокбаев Советтик системанын солдаты

Бөлүшүү:

1990-жылдардын башында Аскар Акаевдин делегациясы менен Мелис Эшимканов, Талант Конокбаев Сауд Арабиясына барып калышат. Ал жакка барганда ажы болуу расмисинен өтүшүп, кайра жол тартышат. Раматылык Мелис байке самолеттогу жоон топ чиновниктерге кошулуп, ошондогу «ажылардын» баары жүз граммдашып алышат. Тиги Конокбаев такыр козголбойт, «ажы болгондон кийин ичпеш керек» деп өзүн кармап… Ошентип, Бишкекке келгенден кийин да Таке ачкыл суудан ууртабай жүрөт. Кыраакы Меке досунун тез эле молдо болуп кетишине ишенбей, күн алыс акмалаганын койбойт. Үч айга жетпей Талант Конокбаев жашырынып алып, кафеде арак ичип отурган жеринен Мелис Эшимканов үстүнөн чыгып кармап алат. Анан жүздөрү ачылат… Кийин биз да Талант байке менен «сеп» этишип жүрдүк. Жарыктык, жакшы киши, устаттык уңгусу бар, чыныгы советтик системанын тарбиясын алган, сыртынан бир сырдуу жүргөнү менен ички дүйнөсү бай, көп ачыла бербейт. Кылдат калемгер. Ачылса жашарып, жигиттин гүлү. Данектүү…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: