Menu

Фото – ЖК Төрагасы Дастанбек Жумабеков УКМК кызматкерлерине жаӊы батирлердин ачкычын тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн Каракол шаарында курулган көп кабаттуу үйдү пайдаланууга берүү салтанатына катышты. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жаӊы турак-жайга ээ болгон УКМК кызматкерлери менен алардын үй-бүлөлөрүн куттуктаган Төрага Дастанбек Жумабеков: “Бүгүнкү салтанаттуу иш-чара баарыбыз үчүн өтө маанилүү. Анткени, мурда турак-жайга муктаж кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үйлөр Бишкек шаарында гана курулуп келсе, акыркы жылдары аймактарда салына баштады. Айрыкча, Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылында мамлекет тарабынан алыскы райондордогу жашоо-турмушту жакшыртууга өзгөчө көӊүл бурулууда. Баарыбыз билгендей, УКМКнын кызматкерлеринин иши талыкпас эмгекти талап кылган, кооптуу иш. Бирок, алардын эр жүрөктүүлүгүнүн жана сабырдуулугунун арты менен биз кыргызстандыктар туруктуулукта жана тынчтыкта жашап жатабыз. Мындан ары да эл аралык терроризмге, радикализмге, экстремизм жана баңгизат трафигине каршы күрөш ырааттуу жүргүзүлүп, мамлекетибиз өнүгө берет деген үмүттөбүз. Ошондой эле, күч түзүмдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер менен дарыгерлер үчүн көп кабаттуу үйлөрдүү куруу салты улантылышы керек” – деди.

Салтанаттын алкагында Төрага УКМК кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырып, балдар аянтчасынын курулушу үчүн 100 миӊ сом акча каражатынын сертификатын берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: