Menu

Куйругунда калбыры бар Алина Шаикованы ким калкалап жатат?

Бөлүшүү:

Өлкөдө бийлик алмашканы сезилип, жаңы президент келгенден бери коррупцияга каршы багытталган күрөш күчүнө киргени байкалууда. Бирок, калыптанган илдетке ылайык күч органдары жалкоолугун, шалаакылыгын көрсөтүп, ишти масштабдуу түрдө жүргүзө албай чайналып жатканы жанды кейитет. Эгер булар ыкчам иштегенде үч жыл мурун жемкорлукка шектелген Мамкаттоонун жетекчиси Алина Шаикова бүгүн жогорку кызматта чалкаламак эмес. Кирчү жерине кирип кетмек.

Сөзүбүз куру болбошу үчүн 2015-жылдын 26-мартын эске салсак, Башпрокурордун орун басары К.Токтогулов баягы бизге жат болгон тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузуу фактысы боюнча Мамкаттоо кызматынын ошол кездеги башчысы Алина Шаиковага кат жөнөткөн. Анда мамлекеттик пошлинага байланышкан бир нече орой катачылыктар менен бирге «Гизеке и Девриент» компаниясы менен «шойкомдуу» келишим түзүлгөнү белгиленген. Алардын барын тизмектебей ток этээр жерин айтканда, Мамкаттоо кызматы аталган иште мамлекетке 7 миллион 962 миң 228 сом зыян келтиргени надзордук орган тарабынан далилденген. Мындан сырткары, «Гизеке и Девриент» компаниясы түзүлгөн келишимге ылайык 2014-жылдын 1-ноябрына чейин 1 млн. 726 миң 343 сомдук кызматты аткарып берген эмес. Аталган иштин аткарылышы боюнча 10 күндүк убакыт берилип, ал 20 күндө дагы аткарылбай кала берген. Бул маселе ошол учурда кеңири айтылып, финансылык махинацияларга кылмыш токулары боюнча сөз тарап, бирок белгисиз себептерден улам жабылуу аяк жабылган бойдон калып кеткен.

Эми ал учурду баарыбыз жакшы билебиз, тууган-уругун, жек-жаатын калкалаган заман эле. Анын сыңары, бой сымбаты келишкен Алина Шаикованын 7-кабатта колдогон кожосу бар экен, оркойгон кемчиликтери турса да мыйзамсыз иш көз жаздымда калып кеткен. Албетте, азыр буларды коргоп, «крыша» болор киши жок. Бирок, укурук салар күч түзүмдөрүнүн чабалдыгынан эски иштер териштирилип, ордуна коюла элек. Азыркыны алганда деле Мамлекеттик каттоо кызматы май талканга айланып калды. Ири объектилерди колдон колго өткөрүүдө далай мыйзамсыз иштер орун алып, миллиондогон акчалар сол чөнтөккө солонуп кетери айтылып, тастыкталып келет. Буга чейин жасалма паспорттор боюнча чет өлкөлүк жарандар кармалган. Мындан сырткары, туулганда берилүүчү күбөлүктөр менен орто мектепти аяктагандар үчүн жазылган атестаттар жараксыз болуп, өлкөнүн казынасын какшыткан учурлар арбын айтылып келүүдө. Дипломатиялык паспорт жараксыз болгон фактылар да болгон.
Негизи, бул тармакта ири реформалар тынымсыз жүрүп, калктын турмушу күн сайын жеңилдеши керек эле. Тилекке каршы, акча жасагандан башканы билбеген кадрлардын айынан мамлекеттин иши алдыга жылбай, эски кишилердин айынан балчыкка батып жаткан чагыбыз. Мамкаттоого Алина Шаикова келгенден бери эч бир иш жылган жок. Реформа түгүл буга чейинки жасалган иштер артка кетти. Элге жакшы заманды убада кылган бүгүнкү бийлик мындай кадрлар менен отурса эртең эле ишенимден кол жууп, кризиске батат. Анын арты кандай бүтөрүн барыбыз билебиз. Андыктан сол чөнтөгүнө акча жасагандан башканы билбеген кишилерден тез арада арылып, алдыга карай кадам шилтешибиз зарыл. Эч кимден жашыра албайбыз, президентке болгон элдин үмүтү чоң. Башталган иштердин баарын колдоп жаткан чагы. Үмүттү үзбөш керек.

Каныбек Кадыралиев

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: