Menu

Өлкөсү үчүн өмүрүн берген — Нельсон Мандела

Бөлүшүү:

Өлкөсүндөгү расалык дискринимацияга жана адилетсиздикке каршы күрөшкөн Нельсон Манделанын жашоосу ар бир эле адамды таасирлентсе керек. Мандела калкынын эркиндиги үчүн Түштүк Африка Республикасындагы апартеид (расалык бөлүнүү) режимине каршы чыккан кыймылды жетектеп, демократиялык күрөшү үчүн 27 жыл түрмөдө отуруудан кайра тарткан эмес. Окурмандарыбызды бул жолу дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу мамлекеттик ишмерлердин бири Нельсон Манделанын жашоосу менен тааныштырабыз.

Нельсонго айланган Ролихлахла

Нельсон Мандела 1918-жылы Түштүк Африканын Мтата шаарына жакын жердеги кичинекей бир айылда туулган. Төрөлгөндө коюлган аты Ролихлахла мектептеги мугалими тарабынан англисче «Нельсонго» өзгөртүлөт. Апасы христиандыктын методизм түрүнө жакын болгондуктан методисттик мектепте билим алган соң, өлкөдөгү каралар үчүн жалгыз жогорку окуу жайы болгон Форт-Хэр университетинде, андан кийин Витватерсранд университетинде укук бөлүмүндө окуй баштайт.

«Эр жүрөктүк — коркуунун жоктугу эмес, коркууну жеңе билүү» деген Мандела 1943-жылы өлкөдөгү жергиликтүү калктын Британия Королдугуна каршы укуктук күрөшүн колдогон Африка улуттук конгрессинин (АУК) каршылык акцияларына катышып, АУКтун жаштар канатын жетектей баштайт.

Апартеид режиминин башталышы

Түштүк Африкада 1948-жылы жергиликтүү калкты ак терилүүлөрдөн бөлө турган апартеид саясаты мыйзамдуу түрдө иштей баштайт. Ага ылайык, африкалыктар өзүнчө жашай турган жакыр райондордо турмушун өткөрүүгө аргасыз болот. Атайын уруксат кагазы бар, же болбосо жумушчу кара терилүүлөр  гана (жергиликтүү калк көбүнчөсү аз маяналуу, шарты оор жумуштарда иштечү) шаарга чыга алчу. Мандела расалык басмырлоо күчөй баштаган 1950-жылдары АУКта негизги ролду ойной баштайт. Досу Оливер Трамбо менен бирге өлкөдөгү каралардын алгачкы юридикалык фирмасын ачып, укугу бузулган африкалыктарга бекер жардам көрсөтүшөт. 1956-жылы бийликти күч колдонуп басып алууга аракеттенген деген күнөө менен камакка алынат. Беш жылга созулган соттук изилдөөлөрдөн кийин күнөөсүз деп табылган Мандела тынчтык протесттери менен эч кандай ийгиликке жетпестигин сезип, АУКтун куралданган бөлүмүн жетектей баштайт. Анын мындай чечимге баруусуна 69 кара терилүү адамдын полиция тарабынан өлтүрүлгөн Шарпвилль окуясы түрткү болот.

tyurma_na_ostrove_robben

Түрмөдөгү 27 жыл

1963-64-жылдары Мандела менен бирге АУКтун 10 лидеринин үстүнөн белгилүү «Ривония соту» башталат. Бийликти күч колдонуп алуу, мыйзамсыз куралдануу жана опузалык менен акча өндүрүү сыяктуу айыптар тагылган Мандела соттун жүрүшүндө демократия, эркиндик жана теңдик тууралуу: «Мен жашоомдо бир гана «актардын»  эмес, «каралардын» да бийликтеги өкүмзардыгына каршы күрөшүп келдим. Мен бардык адамдардын биримдик жана ынтымакта жашоосуна өбөлгө түзгөн демократиялык жана эркин коом үчүн күрөштүм. Бул идеалдарым үчүн керек болсо өлүмгө да даярмын»,- деп айткан.

Нельсон Мандела 1964-жылы 46 жашында өмүр бою түрмөгө отургузулат. Ошол жылдары түрмөдө оор иштерде иштөөгө мажбур болгон Манделанын эл аралык деңгээлде аты чыга баштаган. Башчылары темир тордо болсо да АУКтун адилетсиздикке каршы күрөшү уланып, Мандела каршылык көрсөтүүлөрдүн символу боло баштайт. «Абакта убакыт менен жекеме-жеке каласың. Жашоодо мындан коркунучтуу эч нерсе жок»,- деген Мандела Роббен аралындагы жалгыз адамдык түрмө камерасында 1990-жылга чейин калат.

20131219164849

Алгачкы кара терилүү ажо

Түштүк Африка Республикасынын акыркы ак президенти болгон Фредерик Де Клерк дүйнө коомчулугунун басымдарынан улам Африка улуттук конгрессин мыйзамдуу уюм деп атагандыктан 1990-жылы 11-февралда Нельсон Мандела боштондукка чыгат. Эркиндикке чыкканда: «Биз аларды кечиргенде гана өч алуу сезимдерибиз жок болот. Өткөндү унутуп, тарыхыбыздагы өкүнүчтүү окуялардын кайталанбашы үчүн келечекке карайлы»,- деп африкалыктарды кечиримдүүлүккө үндөйт. 1994-жылы өлкөдө бардык улуттагы адамдар катышкан алгачкы парламенттик шайлоодо АУК жеңишке жетишип, Нельсон Мандела Түштүк Африканын алгачкы кара түстүү ажосу болуп шайланат. «Эч ким башка бир улутка, тери түсүнө жана динге жек көрүү сезими менен кошо төрөлбөйт. Адамдар жек көрүүнү үйрөнүшөт. Эгер алар жек көрүүнү үйрөнө алса, келгиле, адамдарга сүйүүнү да үйрөтөлү»,- деген Мандела президент болуп турган беш жылдын ичинде жергиликтүү калктын укуктарын калыбына келтирүү менен бирге бир топ маанилүү социалдык жана экономикалык чечимдерди кабыл алат. Алардын ичинен  жаш балдарды жана боюнда бар аялдарды бекер дарылоо, мамлекеттик жөлөк пулдарды көбөйтүү, билим берүү системасын өнүктүрүү, 500гө жакын ооруканаларды куруу, 3 жарым миллион адамды турак жай менен камсыз кылуу сыяктуу ж.б. чечимдерин белгилесек болот.

Азат АКАЕВ

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: