Menu

Губернатор Узарбек Жылкыбаев министрдин орун басары Төлө Исаковдун калпын чыгарды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-мартта КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков “Ноокатта таажывируска чалдыккан жарандын кызы түндө такси менен Чүйгө качып кетип, биз аны кууп жүрүп таап, карантинге жаткырдык” жеп билдирген болчу. Бул маалыматтан улам коомчулук дүрбөлөңгө түшүп, массалык маалымат каражаттары чуулгандуу маалыматтарды таратышкан.

Бирок тез эле КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев министрдин орун басары Төлө Исаковдун калпын чыгарып: “Эч ким Оштон Чүйгө качып кеткен жок. Ал жаран Чүйдүн тургуну болгондуктан врачтар жашаган жерине барып, обсервацияга жатууну талап кылышып, Чүйгө кетүүгө мажбур болгон. Акыркы маалымат боюнча ал жаран азыр үй-бүлөсү менен Ысык-Ата районунда обсервацияда жатат. Ноокатка умрадан кайткан апасы менен учурашканы келип, апасы менен байланышкандыгы үчүн анализ тапшырып, таза чыккан. Ноокатка өзгөчө абал киргизиле электе Ош облусунан чыгып кеткен” деп билдирди.

Ал эми Ош облусттук милициясы: “Ноокаттан качты деген кыз качпай эле Чүй облусунда өзү жашаган үйүнө кеткен. Ноокаттан качып кетти деген жаран 1979-жылы Ноокат районунун Жаӊ-Ноокат айылында туулган М.М, өмүрлүк жолдошу ошол эле айылда 1975 жылы туулган М.Т менен 16,15 жана 6 жаштагы балдары менен Чүй облусунун Ыссык-Ата районунун аймагында 13 жылдан бери жашап жаткан. 2020-жылдын 13-март күнү М.Мдин апасы кичи ажылыкка барып келгендиктен зыярат кылуу максатында Ноокат райоунун Жаӊы-Ноокат айылына апасынын жанына келген. Апасы учурда Жаӊы-Ноокат айылында обсервацияда жатат. Ал эми кызы М.Мдин апасы коронавирус жуктуруп алган адамдардын катарында болгондуктан тесттен өткөрүү маскатында анализ тапшырган. 2020-жылдын 18-марттан 19-мартка караган түнү медицина кызматкерлеринин жашаган жери боюнча обсервацияга жатыӊыз деген талабы боюнча 3 баласы жана күйөсү менен учурда Чүй облусунун Ыссык-Ата райондук ооруканаларынын биринде обсервацияда жаткандыгын билдиребиз. Качып кетти деген маалымат туура эмес” – деп тактоо киргизет Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Булак: KyrgyzToday.kg            

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: