Menu

Өмүрбек Текебаев: “Парламент жаңы чакырылыштын биринчи отурумуна чейин иштеши керек”

Бөлүшүү:

Бийликте вакуум болбош үчүн, кийинки чакырылыш келгенде парламент кетет деген норма бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда депутат Өмүрбек Текебаев ЖКнын жыйыны башталар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Эгерде өкмөт отставкага кетсе, анда жаңы өкмөт келгенге чейин иштейт. Эгерде парламент эртерээк келсе, анда жаңы чакырылыш да эртерээк келет, эгер ал узак иштесе, анда кечирээк кетет. Ошентип, парламент жаңы чакырылыштын биринчи отурумуна чейин иштейт ”, – деди Текебаев.

«Эми бүгүн акыркы күн дейт. Логиканы иштетели. Парламент бүгүн жок болсун, 20-декабрда шайлоо болсун, кандайдыр бир себептер менен жаңжал болуп шайлоо дагы болбой калса, өлкөдө легитимдүү президент жок болсо, парламент жок болсо бары мен президент, мен өкмөтмүн десе ким легитимдештирет, ошону ойлогон адам барбы? Ошондой болбосун деп кийинки парламент келгенге чейин мурункусу турат, кийинки президент келгенге чейин мурункусу турат деген норма киргизилген», – деди Текебаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: