Menu

Кытайга, кыйчалыш байланган Кыргызстан

Бөлүшүү:

Кыргызстандын “түбөлүк досу” аталган Кытай мамлекетине болгон акыркы эле өлкөдөгү элдик нааразычылыктар эки өлкөнүн экономикалык абалына катуу эле таасирин берүүдө. Кыргызстан Кытай мамлекетисиз эч качан экономикалык жактан туруктуу жана кубаттуу мамлекетти кура албасы белгилүү болгону менен Бажы биримдиги алкагынын “туткунунан” айлаган Кыргызстан, ушул кездерде анын азабын жон териси менен сезип жатканы байкалат.

Бажы биримдиги биздин өлкөнүн экономикасы үчүн пайдалуу эч нерсе берген жок. Экспортоодо бажылык жана лабораториялык текшерүү талаптарын ийгиликтүү ишке ашыра албай койдук. Айыл-чарба, жер-жемиш жана сүт азыктарын сыртка сатууда бир топ эле кыйынчылыктар болду. Картошка баасы 5 сомго түшүп, ички керектөөдөгү кышкы суроо талаптардын күчөшү анын баасы кичине көтөрмөлөдү. Бул биздин экономикабыз үчүн маанисиз. Маанилүүсү инвестиция тартууда турат. Бирок, ал жагыбыз дагы ашыкча ич жылыткан көрсөткүчтө болбой, ал турсун адам ыйлаарлык абалда. Кыргызстан жылдан жылга инвестиция тартууда артка кетүүнүн чгине жеткендей. Салыштырып көрөлү:

2013-жылы эле Евразия өнүктүрүү банкынын эсеби боюнча Кыргызстанга түз инвестициянын көлөмү 70%га кыскарган деп берген. 2014-жылы болгону Кыргызстднга 187 млн. доллар инвестиция салынып, 2013-жылга салыштырмалуу 70% төмөн деген жыйынтыкка келген. Ал жылдары инвестиция агымы Кытайдан 2,3 эсе, Орусиядан 3,2 эсе, Британиядан 1,5 эсе, Канададан 1,3 эсе кыскарганы айтылган. Бирок, бул маалыматтарды төгүндөгөн мамлекеттик расмий булактар болгону 35%ды түздү дешкен. Мунун кесепетин айрым ири инвестициялык долбоорлордун бүтүшү менен түшүндүрүшкөн болчу. Ага мисал катары Кара-Балтадагы мунай иштеткен заводду айтышкан. Бирок, болбой эле ири кен чыккан аймактардагы инвестициянын агымы көп экени маалыматтарда айтылган менен алар канчалык Кыргызстан үчүн салым кошуп жаткандыгы ачыкталган жок.

2013-жылдары өлкөдө турак жай курулушунун “гүлдөгөн доору” башталып, калаанын кай тарабын караба, заманбап курулуштун күч алганы байкалган болчу. Алардын деле “өмүрү кыска” болуп, өлкөдөгү доллардын сомго болгон көтөрүлүүсүнүн кесепети, курулуш компанияларын деле бир топ алсыратты. Банктардан насыя алуу шарты доллардын көтөрүлүшүнөн көптөрдүн тизгинин тартты. Курулган батирлерди сатууда дагы доллардын ыйкы-тыйкы секириктери бүгүнгө чейин чоң коркунучтарды алып келүүдө.

Мындай кыйынчылыктарды ал кездеги ишкерлерди Орус-кыргыз фондунун акчалары кызыктырды. Негизги инвестициялык агым Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан жана республиканын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнөн күтүлүп, айыл чарба, энергетика, өндүрүш жана туризм тармактарына инвестиция тартуу боюнча долбоорлорго кол коюлуу алдында экенин айтышты. Тилекке каршы, Орус-кыргыз фондунун “фокустук” оюндары Кыргызстандагы ишкерлердин бир тобунун ичин ооруткан абалдар менен жыйынтыкталды. Жетекчиликтин миллиондорду айлык-акысы үчүн алышканын айтпаганда дагы, максатсыз берилген акчалардын изи али күнчө соттук териштирүүлөр жана тактоолор менен уланууда. Бул аралыкта кетирилген акчалар, өлкөнүн казынасы үчүн миллиардарды кайтарып алууга жетишүүгө боло турган инвестициянын башатынан бак айтпай, ишкерликтин табитине суу септи. Бажы бирлигинин алкагында Орус-кыргыз фондуна келген каражаттарды туура пайдалануу менен майда ишкерликти жөнгө салып, анын арты менен айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн өздөштүргөндө, мүмкүн биз бажылык маселелерди ошолордун аркасында жөнгө салып алууга мүмкүндүк жаралмак. Ишкерлер кайра иштетип чыккан товарларын сөзсүз түрдө экспортоо маселесине ыңгайлаштырууну көздөп, өкмөттүк иштин негизги планын сыртка чыгарып сатууга аракет көрүүсүн көбүрөөк талап кылмак. Бул ички өндүрүштүн кыймылын тездетмек. Жолдор изделмек. Азыр орус-кыргыз фондунан бөлүнгөн каражаттан кайра иштетүүнүн жөнгө салган эмнебиз бар? Экспортко эмнени алып чыгуудабыз? Инвестицияга болгон өкмөттүк туура эмес саясаттар, анан калса мыйзамдардын иштебегендиги, коррупциянын деңгээлинин жогорулугу, саясий-экономикалык туруктуулуктун жоктугу ишкерликтин ишине тоскоол болгон негизги көйгөй. Инвестициянын тартылып, солгундап кетиши да ушул жактарда. Бажы биримдигине кирүүнү туура эмес пайдаланууда көп жактардан уттурдук. Ал тургай бул биримдик бизге “жакшылык” алып келбесин башта айткандар деле болгон. Караган жокпуз. Бажы биримдигине киребиз дегенден баштап, биз өз ишкерлерибизди да, эл аралык ишкерлердин да көпчүлүгүн үркүтүп алганбыз. Ички соода кыскарып, өзүбүздүн экономикабызга оорчулук келтире баштаганбыз. Эч нерсени эсибизге алган жокпуз.

Кыргызстанга Кытайсыз кыйын болууда

Кара-Балтадагы “Жунда” заводуна эки ирээт барган өлкөдөгү активистердин негизги талабы, Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайларды сыртка чыгаруу керектигинде болду. Муну өкмөт, ичинен ириң өткөн тейде кабыл алды. Себеби, бирөө эле. Азыр Кыргызстанга Кытайдан башка мамлекеттен инвестициянын келүүсү кескин кыскарып кеткен. Эгер аларга этияттык мамиле кылбаса, алардын бизге болгон мамилеси деле салкын. Мурдагыга салыштырмалуу көңүлдөрү жок. Кендерге байланыштуу бир топ окуялар өрт койгон жаңжалдар менен коштолуп, араң турган инвестиция тармагын бир эле кытайлардан эмес, бир топ мамлекеттерден кол жууп калууга жол ачты.

Өкмөт быйылкы жылдагы инвестиция тармагында 3,5%дык өсүш бар деп, абалды оңунан баалап жатат. Бирок, бир катар адистер мындай жыйынтыкка ичи чыкпай, өлкө экономикасын быйыл бир катар коркүнучтар  тооруп турганын айтышууда. Айрым эксперттер былтыркыга салыштырмалуу төмөндөө бар экенин, 2017-жылы экономика 4,5 пайызга өскөнүн белгилешүүдө. Өткөн жылы Кыргызстанга сырттан келген инвестициянын жалпы көлөмү азайып, болгону 31,5 пайызды түзгөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2017-жылы сырттан келген инвестиция 503 миллион долларга жеткен болсо, 2018-жылы болгону 345 миллионду түздү. 345 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция тартылып келгени менен 328 млн. доллар өлчөмүндөгү инвестиция сыртка чыгып кеткен.

Кыргызстан ушул кезде бир эле кытай инвесторлоруна көз каранды абалда калууда. Ички улуттук кызыкчылыктын айынан кытайларга болгон ар кандай талаптардын кесепети толугу менен биздеги инвестицияны жок кылууга алып келип коюшу ыктымал. Элдик талаптарды эске алуу менен өкмөт туура кадамдарга барып, кытай-кыргыз экономикалык алаканын жолдорун мыйзамдуу шарттарда жөнгө салышы керек.

Кыргызстандын инвестицияны жандантуу боюнча агенттиги 2019-жылга карата, өлкөнүн маанилүү 7 объектисине инвестиция салуу боюнча проектини ишке койду. Бул проектилерге кетчү жалпы сумманын көлөмү 83,5 млн. долларды түзөт. Жети обьектинин үчөөсү кытай тарапка тийиштүү экени белгилүү болууда. Алар биометал жана алюминий радиаторун чыгаруучу заводдун курулушу. Кура турган компания Кытай мамлекетинин “ТМАЙ” компаниясы. Жалпы суммасы 40 млн. доллар. Экинчиси, кол кап жана кооз мончок, курларды чыгаруу өндүрүшүн жандантууга, «Хэйлунцзянь» компаниясы, 2 млн. долларга куруу алдында.

-СЭЗ “Бишкек”тин Кара-Балта шаарындагы аймагынын алкагында “Цзянсуйская” компаниясы майда буюмдарды иштеп чыгуу өндүрүшү үчүн 10 млн. долларга иш алып барууга белсенип жатат. Мындан тышкары бир топ кендерде, жол курууда, майда азык-түүлүк, буюм-тайымдарды иштеп чыгууда кытай компаниялары көптүк кылат. Буларды эске алганда, Кыргызстандын экономикалык шарттары Кытайга көп жактардан көз карандылыкты алып келип, өкмөттүн өз элине эмес, аларга адвокат болуп калуусун шарттоодо. Менимче, булардын чечилишин туура түшүндүрүү иштери эле жөнгө салат. Абалыбыз оор.Ал турсун биз ишенген Кытай деле жыргап жаткан жок. Соңку жылдары Кытайдын экономикалык өсүшү басаңдап, орто эсеп менен алганда жылына 6,5 пайызга гана өсүш жасоодо. Соңку жыйырма жылдаң бери Кытай жылына 12 пайызга чейин өсүп келген. Жаңы жарыяланган статистикага ылайык, 19 айдан бери биринчи жолу өндүрүштүн деңгээли да төмөндөгөн. Заводдор товарларын сата албай, суроо-талап жокко эсе болгон. Мындай өксүктөр коңшу катары биздин экономикабызга чоң залалын тийгизет. Андыктан, быйылкы жылы экономиканы көтөрүүгө бел байлабасак, коңшулар менен инвестициялык алкакта туура кадамдарга барбасак, алдыда карыздарды кайтаруунун жылы болгон 2023-жылы Кыргызстанга оор акыбал түзүлүп калышы мүмкүн. Бул деген кытайларга Кыргызстанда каалагандай эркиндик берүү жана алар тоскоолдуксуз жүрүүсү керек дегендикке жатпайт. Тек, мамлекет өз элинин айрым талаптарын эске алуу менен туура маалыматтарды берүү, жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу, мыйзамдарды туура сактоону шарттоосу абзел. Инвестиция коррупциясы ашынып турган, бейстабилдүү өлкөнү каалабайт. А бизде мунун экөөсү тең өнүккөн. Биз баарын өзүбүздөн түздөп башташыбыз керек.

Күнболот Момоконов

Булак: «Факты.kg»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: