Бишкек шаарындагы Манас көчөсүнүн жогору жагындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын сол тарабында Акаев менен Бакиевдин мезгилинен бери кармалып турган 5 гектар жер азыр курчалып, кандайдыр бир курулуш курула баштаптыр. Өкмөт ал жер кимге жана кантип берилгенин иликтеп чыгып, депутаттарга маалымат берүүгө тийиштигин Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев айтып чыкты. Бул тууралуу ал: «Мен өкмөттүн өкүлүнөн курулуштун жүрүшүн дароо токтотуп, анан иликтөө жүргүзүүнү талап кылам. Ал мамлекеттик трассада жайгашкан жер. Ал жер кимге берилип, бюджетке канча каражат түшкөнүн тезинен тактоо керек. Керек болсо биз дагы депутаттык комиссия түзүп текшерүүгө алабыз» — деп күпүлдөдү. Жеке кызыкчылыгы барбы же мамлекет үчүн чырылдап жатабы, жакын арада белгилүү болот…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ