АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт Сенаттын чалгындоо комитетинде көрсөтмө берди. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди
Басылманын маалыматы боюнча, Манафорттун көрсөтмөсү анын 2016-жылы орусиялык адвокат Наталья Весельницкая менен болгон жолугушуусуна гана байланыштуу болду. Манафорт сенаттын комитетине кошумча маек берүүгө макул болду.
Шейшембиде Сенаттын юридикалык комитети АКШдагы былтыркы шайлоо өнөктүгү маалындагы Орусиянын аракеттери боюнча угуулардын алкагында көрсөтмө берүүсү үчүн Манафортко чакыруу кагазын жөнөткөн. Комитеттеги угуулар шаршембиде өтөт.
Манафорт АКШдагы былтыркы шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөөдө башкы фигуралардын бири болуп эсептелет. 2016-жылы июнда Манафорт Трамптын шайлоо штабын жетектеп, анын уулу менен орусиялык юрист Наталья Весельницкаянын ортосундагы жолугушууга катышкан. Ошол эле жылы августтун ортосунда Манафорттун Украинанын экс-президенти Виктор Янукович менен ишкердик жана саясий байланыштары белгилүү болуп, ал кызматтан кеткен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ