Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү Мамлекет башчысынын Аппараты менен бирге ишембиликке чыкты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 15-сентябрда, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөрүлгөн ишембиликке катышты.

Мамлекет башчысы менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат кызматкерлери  бактын  территориясын  тазалашты.  Жумушка    «ЭкоДеми» коомдук фондунун волонтерлору дагы кол кабыш кылышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков волонтерлор менен бирге Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндөгү акциянын  катышуучуларына  онлайн салам жолдоду.

Ишембилик аяктагандан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков бактын абалы менен таанышып чыкты. Бакты реконструкциялоонун планы тууралуу Мамлекет башчысына  Ботаникалык бактын директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева менен Бишкектин мэри Азиз Суракматов айтып беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: