Menu

Фото – Кыргызстанда Сөз эркиндигин коргоо комитети түзүлдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-апрелде Бишкекте, Кыргызстанда Сөз эркиндигин коргоо комитети түзүлдү. Бул тууралу Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине комитеттин уюштуруучуларынын бири Бегалы Наргозуев билдирди.
“Мындай уюмду түзүүнүн зарылчылыгы эмнеден келип чыкты? Акыркы учурларда сөз эркиндигине Атамбаевдик бийлик тарабынан чоң коркунучтар түзүлүп, журналисттерди сабап кетүү адатка айланды. Бийликке сын айтып жүргөн журналисттер Булат Сатаркулов, Шаирбек Маматокторов, Турат Акимовдор катуу сабалышты. Алтургай Турат Акимов бир өлүмдөн калды. Ал арматура менен башка чабылганда буйтап кетпегенде эмне болорун бир гана кудай билет. Бийликтин камчы чабарлары оппозициячыл журналист Адилет Айтикеевдин төшөгүнө чейин аңдып, уят видеотасмаларды жайылтышты. Бийлик бул фактыларды иликтеп, зөөкүрлөрдү таап, жазасын берген жок. Атамбаевдин жанында жүргөндөр көз карандысыз “ОшТВ” телеканалын жана “Вечерний Бишкек” басылмасын рейдерлик жол менен басып алышты”, – деди Бегалы Наргозуев.
“КТРК жана ЭлТР телеканалдары коомдук телеканал болуудан калып, толук бойдон адилетсиз зөөкүр бийликти гана тейлеп калды. Мамлекеттик телеканалдан бийликти сындагандарды жамандатып, карандай калптарды таратышууда. Бийликтин өкүлдөрү Икрамжан Илмиянов, Асилбек Жээнбеков, Тайырбек Сарпашев жана башкалар тымызын гезиттерди ачышып, бирөөлөргө каттатып коюп, анан каржылап бийликти мактаган, оппозицияны боктогон калп маалыматтарды таратып жатышат”, – деп улантат Наргозуев.
“Оппозиционерлердин кухняда олтуруп сүйлөшкөн сөздөрүнө чейин тыңшап жаздырып, анан ошол факт боюнча камакка алып жатышат. Бирөөнүн бир жерде сүйлөп койгон сөзү үчүн гана камап коюу фактысы мурунку режимдерде да болгон эмес. Бул Атамбаевдик режимде гана болуп жатат. Мындан башка көп ММКларга оппозиционерлердин пикирлерин жарыялабоо боюнча “кара тизме” берилип, көзөмөлгө алынган. Бийликтин карасанатайлыгынан чочулаган журналисттер өздөрүнө-өздөрү цензура киргизүүгө мажбур болушууда. Мына ошондуктан Кыргызстанда сөз эркиндигин коргоо муктаждыгы эң башкы планга чыкты. Эгер биз сөз эркиндигин коргобосок атамбаевчилер кыргыз эли акыркы 20 жылда тапкан демократиялык жеңиштердин баарын тебелеп-тепсеп өз кызыкчылыктарына тартып алганы жатышат. Сөз эркиндигин коргоо комитетин түзүү демилгесин журналисттер, “Республика” гезитинин редактору Замира Сыдыкова, “Заноза” маалымат порталынын баяндамачысы Нарын Айып жана “Кыргызстан бүгүн” маалымат агенттигинин ээси Бегалы Наргозуевдер көтөрүп чыгышты. Аларды саясатчылар Өмүрбек Суваналиев, Равшан Жээнбеков, Адил Турдукуловдор колдоп кетишти. Кечээги жыйында баары болуп дагы 17 адам кол коюшту. Алардын арасында Табылды Акеров, Сапарбек Аргынбаев, Тимур Саралаев, Бурул Усманалиева, Мавлян Аскарбеков, Элнура Кулуева, Сурат Жылкычиев, Булат Сатаркулов, Шаирбек Маматокторов, Нурбек Токталиев, Азамат Тынаев жана башкалар бар. Комитетти туруктуу иштей турган уюмга айландыруу максатыбыз бар. Бийликтен куугунтук жегендердин укугун укуктук кеңеш берүү, бекер адвокат таап берүү жолдору менен, ар кандай акцияларды уюштуруу, эл аралык уюмдарга кайрылуу сыяктуу ар түрдүү жолдор менен коргойбуз”, – деп жыйынтыктады Бегалы Наргозуев.
КЗСС 210416 22
КЗСС 210416 7
КЗСС 210416 11
КЗСС 210416 15
КЗСС 210416 21
КЗСС 210416 8
Бакыт Эргешов
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: