Menu

Депутаттар колдосо Эрдоган өлүм жазасын калыбына келтирет

Бөлүшүү:

Эрдоган миңдеген адамдар катышкан Стамбулдагы митингде эгер парламент колдосо өлкөдө өлүм жазасын кайрадан калыбына келтирерин убадалады.

Стамбулдагы массалык митинг Түркиянын ар кайсыл шаарларындагы демонстрациялардан кийин болду. Иш-чарадагы Эрдогандын эмоционалдуу сөздөрүн чогулгандар жайбаракат угушту. Митингге катышкандардын арасында өлкө желегин кармаган жаштар көп. Алдыңкы катарда отурган генералдар дагы эмоцияларын ачык көрсөтүшкөн эмес.

Батыш маалымат агенттиктери Стамбулдагы митинг июлда болгон мамлекеттик төңкөрүш аракетин айыптоо жана Эрдоганды колдоо максатында өткөрүлгөнүн белгилешүүдө.

15-июлдагы аскердик төңкөрүш жасоо аракети маалында Түркияда 270тен ашык киши каза болгон. Бийлик тарабынан 18 миңге чукул адам кармалып же камакка алынган. Он миңдеген мамлекеттик кызматкерлер жумуштан айдалган. Куралдуу күчтөрдө тазалоо иштери уланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: