Menu

Камбар-Ата-2 ГЭСи токтоду

Бөлүшүү:

30-октябрда Камбар-Ата 2 ГЭСинде аврия болгондугу тууралуу каңшаар тарады. Мындай кабарды алгач энергетикалык эксперт Расул Үмбөталиев билдирип, Камбар-Ата 2 ГЭСинде өндүрүштүк кырсык болуп, муну тиешелүү органдар жашырып жатканын айтты. Ошол эле учурда “Электр станциялары” ишканасы абал боюнча жооткоткон түшүндүрмө берди. Компаниянын маалыматына караганда, учурда ГЭСте авариялык абал түзүлгөн жок. Бирок гидроагрегат толуп калгандыктан учурда аны тазалоо иштери жүрүп жатат.

“Электр станциялардын” маалыматы боюнча, Камбар-Ата 2 ГЭСине чейин Нарын дарыясынын жогорку нугунда гидротехникалык жабдыктар жок болгондуктан дарыядан агып келген баткак ГЭСке топтолуп калат. “Бул күтүлбөгөн, бирок оңдоло турган абал. Аны оңдоо ноябрдын аягына чейин бүткөрүлөт. Учурда өлкөдөгү ГЭСтер 2652 МВт электр энергиясын өндүрүүдө. Бул пландалгандан 739 МВтка көп. Ал эми Камбар-Ата 2 ГЭСи 90 МВт электр энергиясын өндүрөт. Аталган ГЭСтеги абал өлкөдөгү электр энергиясын колдонууга эч кандай таасирин тийгизбейт”, – деп айтылат “Электр станциялар” ишканасынын билдирүүсүндө.

Ылайым эле ошондой болсун. Босогодо кылычын алып кыш келатат. Кокус өлкөбүздү электр энергиясы менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураса, анда бүтүндөй Кыргызстан караңгыда калат го. Былтыр ТЭЦ, быйыл ГЭС, айтор жыл сайын эле кычыраган кыш чилдеде үшүй турган болдук го. Эмне үчүн Нарын дарыясынан агып кирген киргилт суунун баткагы суу тосмолорго келип уюп каларын мурда эч ким ойлогон эмес?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: