Кыргызстанда обсервацияда 2150 адам жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 6600 адамга жетти. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал экенин баса белгиледи Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, бүгүн, 22-майга карата Кыргызстанда илдетти жуктуруп алган жаңы 37 учур катталды. Жалпы саны 1350.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ