2008-жылдан бери КР Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы болуп иштеп келаткан Нуржан Бардинованы эмнегедир Ак үй КР Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы кылып дайындоого даярдап жатыптыр. Бул тууралу биздин жеке булактар билдирди.
Кесиби боюнча орус тили мугалими Нуржан Бардинова алгач Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин 1994-жылы аяктаган. 2001-жылы Улуттук университеттин юридика факультетин, 2004-жылы экономика факультетин аяктап, дагы эки диплом алууга жетишкен.
1997-жылдан 2001-жылга чейин Ош облустук администрациясында, 2002-жылдан 2008-жылга чейин Президенттик аппаратта кызмат өтөгөн Нуржан Бардинова ошол жылы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке которулуп, 11 жыл ушул статс-катчылык кызматты аркалап келатат.
Анда Ак үй кандай максатта Нуржан Бардинованы бүгүн Тышкы иштер министрлигине статс-катчы кылып дайындоого камынып жатат? Билими же кызматтык тажрыйбасы тышкы иштер министрлигинин кадрдык потенциалын чыңдай алабы? Же элчилик кызматка даярдап жатышабы? Кантсе да биздин укканыбызга караганда Ак үйдөгү сүрөмөчүсү күчтүү дешет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ