Menu

Кыйраган Ан-148 учагында үч бала болгон

Бөлүшүү:

Авиакырсыкта мерт болгон 71 кишинин алтоо экипаж мүчөсү, үчөө бала экени айтылууда. Алардын улуусу 17, экинчиси 13, эң кичүүсү 5 жашта болгон. Оренбург облусунун бийлиги дүйшөмбү, 12-февралды аза күтүү күнү деп жарыялады.

Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Москва облусундагы авиакырсыкты иликтөөнү Өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыкка тапшырды. Бастрыкин кырсык болгон жерге барып, тергөө тобун өзү көзөмөлдөйт. Бул тууралуу комитеттин интернет сайтына жарыяланды.

Жекшембиде Ан-148 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак Москванын «Домодедово» аэропортунан Орск шаарын көздөй учуп чыккандан кийин көп өтпөй кулап, ичиндеги 71 киши каза болду. Учак “Саратов аба жолдору” компаниясына таандык.

“Cаратов аба жолдору” 1994-жылы уюшулган. 2017-жылы 750 миңдей жүргүнчү ташыган. Авиакомпаниянын Орусиянын ички каттамдарын тейлеген 13 учагы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: