Түркмөнстан Иран 2012-жылы санкциялар киргизилгенден кийин жеткирилген түркмөн газы үчүн карызын төлөбөгөндүгүн билдирүүдө. Өз кезегинде Ирандын «Фарс» маалымат агенттиги өкмөттөгү булактарына шилтеме кылуу менен эгер Түркмөнстан кыш мезгилинде газ берүүнү токтото турганын айтып коркута берсе, Тегеран Ашхабад менен болгон келишим мамилелерин үзөрүн жазды.
Ирандын расмий өкүлү эгер газ карыздары боюнча Түркмөнстандын кандайдыр бир дооматы бар болсо, Ашхабад эл аралык сотко кайрылышы керек деп эсептейт.
Августта Ирандын Мунай тармагы боюнча министринин орун басары Амир Хусейн Заманиниа «Тренд» агенттигине берген маегинде Ирандын газ үчүн Түркмөнстанга карызы бар болушу мүмкүндүгүн айткан. Ал карыз көлөмү 600 миллион доллардан 1,5 миллиард долларга чейин болушу ыктымал деп божомолдоп, бирок ал түркмөн тарап менен расмий сүйлөшүүлөр өткөндөн кийин гана так белгилүү болорун белгилеген.
Ал ортодо Иран улуттук газ компаниясынын директору Хамидеза Араки Тахрани мындан ары алар түркмөн газына муктаж эмес экенин билдирген. Баа боюнча талаш-тартыштар жана карыздарынан улам 2007-2009-жылдардын кышында Ашхабад Иранга газ берүүсүн бир канча жолу токтоткон. Ага байланыштуу Тегеран өлкөнүн түндүк бөлүктөрүнө чейин “IGAT11” газ түтүгүн куруу планын белгилеген.
Ушул жылдын башында орусиялык «Газпром» компаниясы түркмөн газын сатып алуудан баш тарткандан кийин Түркмөнстан Кытай менен Иранга гана газ экспорттоп калган. 2015-жылдын мартынан 2016-жылдын мартына чейин Иран дээрлик 9 миллиард куб метр түркмөн газын импорттогон. Бул андан мурдагы жылдарга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Бирок үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түркмөн газынын импортунун көлөмү 25% азайган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ